ГОЛЬЖИ КОМПЛЕКСИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГО́ЛЬЖИ КОМПЛЕКСИ, Г о л ь ж и а п п а р а т ы – клетканын ар түрдүү функция аткаруучу органоиди. 1898-ж. итал. гистолог К. Гольжи нерв клеткаларын изилдөөдө ачкан. Г. к. бардык эукариот клеткаларда кездешет. Ал диктиосомадан (Гольжи денечелеринен), Гольжи ыйлаакчасынан ж-а Гольжи вакуолунан турат. Клеткадагы диктиосома ж-а ал бөлүп чыгарган Гольжи ыйлаакчасынын саны Г. к-нин активдүүлүгүн көрсөтөт. Г. к. клеткадагы белок, полисахарид, былжыр, липид, липопротеид сыяктуу секреттерди бөлүп чыгарууга катышат. Бул заттар Гольжи ыйлаакчасына топтолуп, ал аркылуу клетканын тийиштүү бөлүктөрүнө ж-а вакуолуна жеткирилет. Г. к. мембраналык структуралуу болуп, бири бирине жарыш жайгашкан цистерналардан, түтүкчөлөрдөн ж-а ыйлаакчалардан турат. Өсүмдүк клеткасында цистерналар жакшы өөрчүгөн. О. эле углеводдорду синтездөөгө, клетка кабыгын, вакуолду пайда кылууга катышат.