ГОРБАЧЁВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГОРБАЧЁВ Михаил Сергеевич (2.3.1931-ж. т., Россия, Ставрополь крайы, Привольный кыш.) – сов., россиялык саясий ж-а мамл. ишмер; СССРдин Президенти (1990–91). КПСС БКнын Генералдык

секретары (1985–91). 1966–68-ж. КПСС Ставрополь шааркомунун 1-, 1968–70-ж. Ставрополь крайлык к-тинин 2-, 1970–78-ж. 1-секретары, 1978–85-ж. КПСС БКнын секретары, 1988–89-ж. СССР Жогорку Советинин Президиумунун, 1989–90-ж. СССР Жогорку Советинин төрагасы. СССРдеги «кайра куруунун» автору. Соц.-саясий ж-а экон. реформалардын жардамы м-н СССРдин ички ж-а тышкы саясатын өзгөртүүгө аракет жасаган. Бирок, реформалар, тескерисинче, экономикада рынок механизмдерине өтүүнү ж-а саясий режимди өзгөртүүнү талап кылган антикоммунисттик оппозициянын, Балтика боюндагы респ-дын СССРдин курамынан чыгуу үчүн кыймылынын күч алышына алып келген. Г-дун бийликке келиши м-н СССРдин тышкы саясаты да кескин өзгөргөн. Ракеталык-ядролук куралдарды кыскартуу б-ча АКШ м-н келишимдерге кол коюлган, Кытай м-н мамилелер жөнгө салынган. Г-дун «жаӊыча саясий ой жүгүртүү» тууралуу билдирүүсү 1989-ж. Чыгыш Европа өлкөлөрүндөгү рев-яларга алып келип, Варшава Келишим Уюму, Экон. Өз ара Жардамдашуу Совети кыйраган, ГДР м-н ГФР биригип, сов. аскерлер Чыгыш Европадан ж-а Афганистандан чыгарылган. Август кризисинин (1991) учурунда РСФСРдин президенти Б. Ельциндин өлкөнүн аймагында КПССтин иш-аракетин токтотуу тууралуу указы жарыялангандан кийин КПСС БКнын Генералдык секретары кызматынан кеткендигин (24-август), КМШнын түзүлгөндүгүнө байланыштуу СССРдин президенти катары ишмердигин токтоткондугун (1991-ж. 25-декабрь) билдирген. 1996-ж. РФтин президенттигине талапкер катары шайлоого катышкан. 1991-жылдын декабрынан Эл аралык соц.-экон. ж-а саясий изилдөөлөр фондунун президенти («Горбачёв-фонд»). Нобель сыйл. лауреаты (1990).