ГРАВИТАЦИЯЛЫК КОЛЛАПС

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРАВИТАЦИЯЛЫК КОЛЛА́ПС – гравитациялык күчтүн таасиринен асман телолорунун катастрофалык өтө тез кысылуусу. Массасы Күн массасынан 2 эсе чоӊ жылдыздардын эволюциясы Г. к. м-н бүтүшү мүмкүн. Мындай жылдыздардын ядро энергиясы түгөнгөндө өздөрүнүн мех. туруктуулугун жоготуп, улам тездөөчү ылдамдык м-н борборго карай кысылат. Эгерде жылдыздын улам көбөйүүчү ички басымы Г. к-ты токтотсо, анда жылдыздын борб. бөлүгү нейтрон жылдыздарына айланууда өз кабыкчасын бөлөт; бул учурда өтө жаӊы жылдыздай жарк этиши байкалат. Эгер жылдыздын радиусу гравитация радиусунун маанисине чейин азайса, анда анын андан ары кысылышына ж-а кара көӊдөйгө айланышына эч кандай күч тоскоолдук кыла албайт.