ГРАДИЕНТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРАДИЕ́НТ (лат. gradiens дегенден, gradientis – кадамдоочу) – 1) м а т е м а т и к а д а, кандайдыр бир функциянын өзгөрүп турган багытын көрсөтүүчү вектор; 2) ф и з и к а д а, берилген 􀁍(􀁕) скалярдык талаанын (􀁕􀀃– мейкиндиктеги чекит) тез өсүүчү багытын көрсөтүүчү g вектору; g=grad 􀁍(􀁕) м-н белгиленет. Мис., темп-ра Г-и, басым Г-и, потенциал Г-и. ж. б. Г. метеорология, океанология ж. б. илимдерде кеӊири колдонулат. «Г.» терминин англ. физик Ж. Максвелл киргизген (1873). Ал Г-ти grad белгиси м-н белгилөөнү да сунуштаган.