ГИБРИДДЕШТИРҮҮ
ГИБРИДДЕШТИРҮҮ – тукум куума касиеттери м-н айырмаланган жаныбарларды аргындаштыруу ж-а өсүмдүктөрдү чаӊдаштыруу аркылуу алардын жаӊы формаларын алуу. Г-дө ар кандай типтеги урук клеткаларынын кошулуусу м-н пайда болуп, алардын тукум куума касиеттерин сактаган жаӊы организм (гибрид) алынат. Табигый шартта өсүмдүктөр кайчылаш чаӊдашуу м-н көбөйүп, гибриддешүү жүрүп турат. Б. з. ч. 2 миӊ жыл мурда эле жаныбар гибриди – качыр белгилүү болгон. Жасалма жол м-н гибрид алуу мүмкүндүгүн 1694-ж. немец илимпозу Р. Камерариус айткан. Г. 1760-ж. немец ботаниги Р. Кёльрёйтер тамекинин 2 түрүнүн гибридин алгандан тартып өнүгө баштаган. Г. түр ичиндеги, түр аралык ж-а тукум аралык болуп айырмаланат. Ар башка түргө, тукумга кирүүчү, о. эле ар башка геогр. зоналардагы формаларды Г. алыскы тегинен Г. деп аталат. Алынган гибрид атасы же энеси м-н аргындаштырылса же чаӊдаштырылса кайталама аргындаштыруу же чаӊдаштыруу (беккросс), бул процесс бир нече жолу кайталанса – баскычтуу аргындаштыруу же чаӊдаштыруу деп аталат. Гибриддин 1-мууну айлана-чөйрөгө жакшы ылайыкташат, ысык-суукка байымдуу, түшүмдүү ж-а тукумчул болот.
Өсүмдүктү Г.
Эгилме өсүмдүктөрдүн көбү (буудай, картошка, тамеки, гозо, сулу, жүгөрү, кара өрүк, бал камыш, кооздук өсүмдүктөрү ж. б.) – хромосомалары эки эселенген түр аралык табигый гибриддер (амфидиплоиддер). Өсүмдүк селекциясында Г. үчүн алынган алгачкы формалардын оӊ ж-а терс касиеттери теӊ тукумга берилгендиктен, чаӊдаштыруу үчүн терс касиеттери азыраак компоненттер тандалып алынат. Гибрид организмдин жеке өөрчүшүн башкаруу ыкмаларын И. В. Мичурин иштеп чыккан. Өсүмдүк селекциясында сорт аралык (бир түргө кирүүчү формаларды ж-а сортторду) Г. кеӊири колдонулат. Мындай жол м-н өсүмдүктөрдүн көп сорттору алынган. Алыскы тегинен Г. – гибрид алуунун өтө татаал ж-а кыйын ыкмасы. Мында жуп организмдердин жыныс клеткалары бири-бирине туура келбей, о. эле биринчи ж-а андан кийинки гибрид муундар тукумсуз болуп калышы мүмкүн. Кайталама чаӊдаштыруу ж-а полиплоидия жуптардын чаӊдашпоосун ж-а гибриддердин тукумсуздугун жоёт. Алыскы тегинен Г-дө түшүмү сапаттуу ж-а козу карын илдеттерине, зыянкечтерге туруктуу өсүмдүк түрлөрү алынат. Күн караманын түр аралык гибриди илдет, зыянкечке туруктуу келип, данында 55% май болот. Алыскы геогр. зоналардагы формаларды Г-гө ушундай жол м-н алынган буудайдын түшүмдүү, сапаттуу Кылкансыз-1 ж. б. сорттору мисал болот. Тамекинин, картошканын эгилме ж-а жапайы түрлөрүн Г. м-н баалуу сапаттагы сорттору, о. эле капуста м-н чамгырды чаӊдаштырып, сабак, жалбырагын салат, азык тамыры чамгыр сымал жегенге жарамдуу гибрид алынган. Хромосома жыйындысы эки (диплоид) ж-а төрт (тетраплоид) эселенген формаларды Г. м-н үч эселенген (триплоид) түшүмдүү гибрид алуу – өсүмдүк селекциясындагы жаӊы багыт. Бул ыкма кант кызылча үрөнчүлүгүндө кеӊири колдонулат. Кырг-н дыйканчылык ИИИде татаал Г. жолу м-н арпанын Нарын-27, Нутанс-970 сорттору, жүгөрүнүн жогорку түшүмдүү Чүй П-2 ж. б. гибриддери, жүзүмдүн жаӊы гибрид сорттору (Кыргыз эртечили ж. б.) чыгарылган.
Малды Г
. Зоотехнияда Г. ж-а порода аралык аргындаштыруу жүргүзүлөт. Г. чарбалык баалуу сапаттагы тукум – гибрид мал алуу же жаӊы порода чыгаруу үчүн ар башка түр, түрчө же тукумга кирген малда жүрүгүзүлөт. Аргын мал өз ара оӊой аргындашып, тукум бере алат. Гибрид мал өтө кыйынчылык м-н алынып, көп учурда толук же жарым-жартылай тукумсуз болгондуктан, анын тукумун көбөйтүү да өтө кыйын. Толук тукумсуз гибрид малдын эркек, ургаачысы жарым-жартылай тукумсуз болуп, көбүнчө эркеги тукум бербейт. Ошондуктан гибрид малдын тукумун көбөйтүүдө ургаачы гибрид мал алгач алынган түрдүн эркеги м-н аргындаштырылат. Гибрид мал адатта ата-энесинен пайдалуу чарбалык сапаттары – кунардуулугу, чымырдыгы, күчтүүлүгү, чыдамкайлыгы м-н артыкчылык кылат. Мал чарбачылыгындагы эӊ байыркы гибриддер: жылкынын эшек м-н (качыр), зебра м-н (зеброид), сыӊар өркөч төөнүн айры өркөч төө м-н (нар), топоздун уй м-н гибриддери. Уй чарбасында уйду топоз ж-а зебу м-н Г. практикалык мааниге ээ. Уй м-н топоздун гибриди бийик тоолуу жердин катаал шартына чыдамдуу, эт багытындагы мал катары бааланат. Кой чарбасында койду муфлон ж-а аркар м-н Г. аркылуу тоо мериносу ж-а казак аркар мериносу породалары чыгарылган. Малды Г. б-ча тажрыйбалар ж-а жетишкендиктер ил. таанып билүү ж-а эл чарбасы үчүн чоӊ мааниге ээ. Кырг-нда малды Г. иштерин Кырг-н мал чарба, ветеринария ж-а тоют ИИИлерде, КАУнун тиешелүү кафедрасынын окумуштуулары
жүргүзүшөт.
Ад.: Ильеф Ф. В. Межлинейная гибридизация в животноводстве. М., 1980; Генетические аспекты селекции в Киргизии. Ф., 1984.
К. Тургунбаев, Т. Чортонбаев.