КОНУСТУК БЕТ
КОНУСТУК БЕТ – конустун чокусу аркылуу өтүүчү ж-а берилген ийри сызыкты (багыттоочу) кесүүчү түз сызыктардын (түзүүчү) көптүгү. Эгер багыттоочусу айлана болуп, ал эми К. б-тин чокусу айлананын тегиздигинин борбору аркылуу өтүүчү перпендикулярда жатса, анда К. б. тегерек конус деп аталат; ал чокусунда биригүүчү эки тегиздиктен турат. К. б. – 2-тартиптеги беттердин бир түрү. 2-тартиптеги чыныгы К. б-тин канондук теңдемеси Failed to parse (SVG (MathML can be enabled via browser plugin): Invalid response ("Math extension cannot connect to Restbase.") from server "https://wikimedia.org/api/rest_v1/":): {\displaystyle \frac{x^2}{a^2}+\frac{y^2}{b^2}-\frac{z^2}{c^2}=0} жазылат. Эгерде а=b болсо, анда т е г е р е к а й л а н у у ч у К. б. деп аталат. 2-тартиптеги жалган (мнимый) К. б-тин канондук тендемеси: Failed to parse (SVG (MathML can be enabled via browser plugin): Invalid response ("Math extension cannot connect to Restbase.") from server "https://wikimedia.org/api/rest_v1/":): {\displaystyle \frac{x^2}{a^2}+\frac{y^2}{b^2}+\frac{z^2}{c^2}=0}