ВАГНЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:38, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВА́ГНЕР Рихард (22.5.1813, Лейпциг – 13. 2. 1883, Венеция, сөөгү Байрёйтко коюлган) – немец композитору, дирижёр, театр ишмери. 1833-жылдан хормейстер, Магдебург, Кёнигсберг, Рига театрларында муз. бөлүм башчы, дирижёр, 1842–49-ж. Дрезден театрында капельмейстер болгон. 1849-ж. Дрездендеги май көтөрүлүшүнө катышкандыгы үчүн куугунтук жеп, 13 жыл чет өлкөдө жашаган. 1876-ж. менчик Байрёйт театрын уюштурган. В. – опера өнөрүнө жаӊылык киргизген улуу композитор. Буга анын 1840-жылдары жараткан «Жер кезген голланддык», «Тангейзер», «Лоэнгрин» опералары далил. «Нибелунг шакеги» аттуу опера тетралогиясы, «Нюрнберг мейстерзингерлери» реалисттик операсы композитордун чыг-лыгында өзгөчө мааниге ээ. Өзү жараткан жаӊы опера жанрындагы чыгармаларында (муз. драмаларында) В. музыканын, тексттин, сахналык кыймылдын өз ара

Р. Вагнер. Ф. Фон Ленбах тарткан портрет.

айкалышын камсыз кылган; операны симфониялаштыруу жагынан чыг-лык ийгиликтерге жетишкен.
Ад.: Друскин М. Рихард Вагнер. М., 1958.