ВАЛЬС

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:40, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАЛЬС (нем. walzen – айлануу) – муз. жанр; жай жүрүштө тегеренип, эки адам бийлөөчү бий.

Вальс. 20-кылымдын башындагы афиша.

Муз. өлчөмү адатта 3/4. 18-к-дын 2-жарымында шаар турмушунда пайда болгон. Мекени Түш. Германия ж-а Австрия. 19-к-да бүтүндөй Европага, айрыкча вена вальсы өтө кеӊири тараган. В-тын эӊ мыкты үлгүлөрүн ата-бала Штраустар, Ф. Шуберт, Р. Шуман ж. б. композиторлор жазышкан. Муз. театрда (операда, балетте, оперетталарда) пайда боло баштаган. Вебер фортепьяно үчүн («Бийге чакыруу»), Глинка оркестр үчүн («Вальс-фантазия») чыгармаларды, Чайковский симфонияларды, сюиталарды жазган. В. жанры орустун классикалык музыкасында да күчтүү өнүккөн. Кыргыз профессионал музыкасында да В. жанры калыптанган (мис., Раухвергердин «Чолпон» балетинен вальс, А. Түлөевдин «Жаштар вальсы», К. Молдобасановдун «Ысык-Көл вальсы», К. Тагаевдин «Көл вальсы» ж. б.).