ВЕЛЛИНГТОН шаары
В́ЕЛЛИНГТОН 1 – Жаӊы Зеландиянын борбор шаары. Түн. а-нын түштүгүндө, Кук кысыгынын жээгинде жайгашкан ири порт (жылына 15 млн тдай жүк ташылат). Калкы 417,0 миӊ (2017). Темир жол түйүнү. Эл аралык аэропорту бар. 1853-ж. шаар өзүн-өзү башкаруу укугуна ээ болгон. 1848- ж-а 1855-ж. жер титирөөдөн жабыркаган. 1865-жылдан Жаӊы Зеландиянын борбору. Көптөгөн көпүрөлөр, виадуктар, тоннелдер, парк, скверлер бар, соборлор, чиркөөлөр, неоклассикалык стилде салынган өкмөт үйү, эдвардиан стилиндеги парламент үйү (20-к.) бар. Жыгачтан курулган курулуштар басымдуу. Эстеликтер, Жаӊы Зеландия Королдор коому, Виктория ун-ти (1899; анын астында музыка мектеби), Улуттук архив, Улуттук китепкана
Шаардын ишкер бөлүгү. ж-а Улуттук музей (1998, маори иск-восу), Шаар музейи, К. Мэнсфилд мемориалы, Улуттук сүрөт гал., опера театры, Улуттук бий мектеби, Картер обсерваториясы, зоопарк, ботан. бак бар. В. – өлкөнүн башкы экон. борбору. Тамак-аш (а. и. эт, сүт), жеӊил, кагаз, эмерек, жыгаччылык, транспорт, электр-тех., машина куруу өнөр жай ишканалары иштейт. Туризм өнүккөн. В-го жакын шарап даярдоочу Мартинборо ж-а Мальборо аймактары жайгашкан.