ВАЛЮТА КОТИРОВКАCЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:40, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАЛЮ́ТА КОТИРОВКАCЫ – чет өлкөлүк валюталардын курсун колдонуудагы мыйзам нормаларына ж-а калыптанган ыкмаларга ылайык белгилөө. В. к-н мамл. (улуттук) же ири коммерциялык банктар ишке ашырат. В. к-нын эки негизги түрү бар: тике ж-а кыйыр. Көбүнчө тике түрү тараган‚ мында чет өлкөлүк валюта улуттук валюта бирдиктеринин белгилүү санында көрсөтүлөт. Кыйыр В. к-нда улуттук валютанын бирдиги чет өлкөлүк валютанын белгилүү бир санына теӊештирилет. Мындай ыкма Англияда колдонулат‚ мында бирдик катары фунт стерлинг алынат ж-а чет өлкөлүк валютанын айрым сандарында көрсөтүлөт. Расмий В. к. тууралуу маалыматтар атайын бюллетендерде‚ ишкер басмасөздөрдө‚ мезгилдүү басылмаларда жарыяланат. Рынок котировкалары өзгөрүлмөлүү болгондуктан‚ курс бирдиктеринин олуттуу жиктелишине алып келет.