ВАЛЮТА РЕЗЕРВДЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:40, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАЛЮ́ТА РЕЗЕРВДЕРИ – эл аралык эсептешүүлөрдү ж-а төлөмдөрдү ишке ашыруу үчүн өлкөнүн борбордук банктарында ж-а валютафинансы органдарында же эл аралык валютакредиттик уюмдарда сакталып турган алтындын ж-а чет өлкөлүк валютанын борбордоштурулган запасы. В. р-нин бир бөлүгүн мамл. Валюта саясатынын чегинде‚ б. а. валюталык чектөөлөр аркылуу пайдалануучу жеке менчик коммерциялык банктарга тиешелүү чет өлкөлүк валютадагы ресурстар түзөт.