ВАЛЮТА РЫНОГУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:39, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАЛЮ́ТА РЫНОГУ – чет өлкөлүк валюталарды сатып алууну-сатууну ишке ашыруучу борбор. В. р. абдан керек‚ анткени эл аралык соодага ж-а чет өлкөлүк инвестицияларга тартылган ар бир өлкө сооданы финансылоо ж-а капитал м-н бүтүм жасоо үчүн өзүнүн улуттук валютасын башка валютага алмашууга тийиш. В. р. көп улуттуу. Валюта операцияларынын негизги борборлору – Лондон‚ НьюЙорк‚ Токио.