ВАН-ДЕР-ВААЛЬС КҮЧТӨРҮ
ВАН-ДЕР-ВА́АЛЬС КҮЧТӨРҮ – молекулалар ортосунда таасир эткен начар тартылуу күчтөрү. Бул күчтүн сан мааниси турактуу молекуланы түзгөн күчтөргө караганда көп эсе аз болгондуктан, «начар» деп аталат. Биринчи жолу бул күчтү идеалдык газ теӊдемесине реалдык газдын баш ийбестигин түшүндүрүш үчүн Ваальс киргизген. В.-д.-В. к-нүн жакшы касиеттеринин бири – анын электр зарядына ж-а электр моментине ээ болбогон молекулалардын (системалардын, атомдордун) ортосунда пайда болушу. В.-д.-В. к. – инерттүү газдардын өз ара аракеттешүүсүндө аларды катуу ж-а суюк абалга алып келүүчү жалгыз күч. Ван-дер-Ваальстык тартылуу күчтөрү электр-магниттүү ж-а молекулалардын өзгөчөлүктөрүнө жараша багыттоочу, таасирлөөчү (индукциялоочу) ж-а дисперсиялык болуп бөлүнөт.
В.-д.-В. к. валенттик күчтөргө (иондук, металлдык ж-а коваленттик) караганда көп эсе кичине болгондугуна карабастан, беттик кубулуштарда, орг. кошулмаларда, мол. биологияда, катализде, суюк чөйрөдөгү хим. реакцияларда ж. б. чоӊ мааниге ээ В.-д.-В. к. молекулалардын өз ара аракеттешүү күчтөрү деп да аталат.