ВАССАЛИТЕТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:40, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАССАЛИТЕ́Т – о. кылымда бир феодалдын (вассалдын) керт башынын экинчи феодалга (сеньорго) көз карандылык мамилелеринин системасы. Бул система 8–9-к-да Франк мамлекетинде калыптанган. Королдор ж-а ири феодалдар вассалдык кызмат өтөгөндөргө жер, көлүк ж б. берген. Ири феодалдар эӊ башкы сеньордун (сюзерендин) – королдун вассалына айланып, андан жер алып, майда феодалдарды өзүлөрү вассал кылышып, аларга өзүлөрү жер энчилеген. Вассалдын башкы милдети – белгилүү бир мөөнөттө (1 жылда 40 күн) аскердик кызмат аткаруу эле. Борборлошкон феод. мамлекеттер пайда болгон соӊ, В. бара-бара өз маанисин жогото баштаган.