ВАСУБАНДХУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:39, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАСУБА́НДХУ (316-ж. ч., Пурушапура, азыркы Пакистан, Пешавар – 396, Уттар-Прадеш штаты, Айодхья) – индиялык философ-буддист. Адегенде хинаяна мектептеринин бири – вайбхашик анын көз караштарында болгон. Андан соӊ махаянанын тарабына өтүп, йогачара мектебинин окутуучусу болуп калган. Анын башкы чыгармасы «Абхидхармакоша» жалпы эле вайбхашика ж-а хинаяна системаларынын компендиясы (негизги өзөгү сакталып, кыскартылган варианты) экенин кытайчага которулган тексттен табышкан. Ал йогачалардын филос. окуусун баяндаган – «Вижнаптиматратасиддхи» деген эмгегин жазган. Мындан тышкары философия маселелерин өз алдынча изилдеген чыгармалары арбын. В-га аталыштардын (ил. мектептердин логикалык изилдөөлөрүнө кыйла таасир көрсөткөн) проблемаларына кызыгуу мүнөздүү.