ВАТИКАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:40, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАТИКА́Н – Италиянын борбору, Римдин аймагындагы шаар-мамлекет. Рим-католик чиркөөсүнүн башчысы – Рим папасынын резиденциясы. Чиркөө башкармалыгы (Рим куриясы) турган жай. Римдин батыш бөлүгүндө, Вати-кан дөӊсөөсүндө, Тибр д-нын оӊ жээгинде жайгашкан. Аянты 0,44 км2. Калкы 829 (2019). Мамл. тили – латын ж-а италян тилдери. Акча бирдиги – евро (2002-жылдан). В. – эл аралык субъект катары эл аралык уюмдарга (а. и. ЕККУ–ОБСЕ, МАГАТЭ) мүчө болууга акылуу. О. эле БУУга, ЮНЕСКОго ж. б. уюмдарга байкоочу катары миссия аткарат. Ар кайсы өкмөттүк уюмдарга мүчө.


==Мамлекеттик түзүлүшү. ==
В. (расмий аталышы – Ыйык Так) – теократиялык монархия. Жаӊы негизги мыйзамы Рим папасы Иоанн Павел II тарабынан 2000-ж. 26-ноябрда кабыл алынып, 2001-жылдын 22-февралынан күчүнө кирген. В. мамлекетинин башчысы – Рим папасы, Рим-католик чиркөөсүнүн эӊ жогорку иерархы. Ыйык Ата, Рим епископу, Иисус Христостун наместниги, Ыйык Пётрдун орун басары, Аалам чиркөөсүнүн жогорку понтифиги, Батыш патриархы, Италия примасы, Рим провинциясынын архиепископу ж-а митрополити, В. Градынын Жогорку башкаруучусу титулдарын алып жүрөт. Рим папасы кардиналдардын коллегиясы (конклав) тарабынан өмүр бою шайланат. Ал толук мыйзам чыгаруу, аткаруу ж-а сот бийлигине ээ. Мыйзам чыгаруу бийлигинин органы (Жогорку понтифик бул бийликти өз алдынча жүргүзүнү каалаган учурлардан тышкаркы мезгилдерде) кардиналдардан ж-а аларды жетектеген төрагадан турган В. иштери б-ча Папа комиссиясы болуп саналат. В-дын светтик суверенитетине ж-а жарандык башкаруусуна таандык болгон аткаруу бийлиги Мамл. секретариат (1988-жылдан жалпы бөлүмдөн ж-а мамлекеттер аралык байланыш бөлүмүнөн турат) тарабынан жүзөгө ашырылып, аны өз ишмердүүлүгү үчүн Рим папасынын алдында гана жоопкерчиликтүү болгон кардинал – мамл. катчы жетектейт. В-ды коргоо ж-а салтанаттарды өткөрүү функциясы швейцариялык гвардияга жүктөлгөн.

Калкы


. В-дын жергиликтүү калкынан тышкары Римде ж-а анын айланасында жашаган 3 миӊге жакын адам В-да иштейт. В-дын жарандыгы анын аймагында туруктуу жашагандарга гана берилет. Жарандыкка Рим папасынан тышкары кардиналдар, нунцийлер ж-а Апостолдук нунцийликтин кызматкерлери (дипл. кызмат учурунда), швейцариялык гвардиячылар (В-да кызмат өтөгөн мезгилде), В. ш-нын губернатору, В. ш-нын трибуналынын претору, жарандык актыларды каттоочу кызматкерлер, папанын жеке жардамчылары ж-а анын үй-бүлө мүчөлөрү, о. эле В-да жашоого папа уруксат берген адамдар ээ боло алышат. Ватикандыктардын балдары 18 жашка чыкканда гана жарандык ала алышат. Сыртта жашагандар жарандыгын жоготушат (артыкчылык кардиналдарга гана берилет).