ВАТТАР
ВАТТАР (нем. Watten, голландча wadden – жээк сайроону) – деӊиз ташкыны болгондо суу каптап, тартылганда кайра ачылып калган жайык жээк тилкеси; ага майда кумдун ж-а тунманын топтолушунан пайда болгон аккумуляциялык формалар мүнөздүү. Түн., Ак, Баренц, Охота, Беринг деӊиздеринин, Мексика булуӊунун жээктеринде ж. б. жерлерде кездешет.