ВАХХАБЧЫЛЫК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:40, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАХХАБЧЫЛЫК, в а х х а б и з м – суннизмдеги диний саясий агым. Аравияда 17-к-дын орто ченинде диний үгүтчү Мухаммед ибн Абдаль-Вахаб (1703–87) тарабынан негизделген. Анын окуусунун өзөгү бирден-бир жараткан – Кудай жалгыз өзү деген түшүнүк. Алла гана жаратуунун булагы, ошондуктан бир Кудайдын өзү гана таазим кылууга, сыйынууга татыктуу, бирок мусулмандар жаӊылык киргизебиз деп, ар кайсы ыйыктарга ибадат-таат кыла беришип, бул негизден четтеп кетишкен деп эсептешкен. В-тын тарапкерлери исламды алардан тазалоо зарылдыгын ж-а анын абалкы тазалыгын кайра киргизүүнүн өзгөчө зарураттыгын максат кылып койгон. Ваххабизм – ар кайсы ыйыктардын касиеттүүлүгүнө сыйынууну токтотууну көздөгөн агым. Коомдук саясий чөйрөдө социалдык шайкештикти орнотууга, бардык мусулмандарды тууганчылыкка, биримдикке үндөйт. Алар өз тарапкерлерин исламдын тириликтеги адеп-ахлак негиздерин сактоо м-н байлыкка ыгы жок чөмүлүүчүлүккө, ач көздүккө, зыкымдыкка ж. б. терс жоруктарга каршы үндөө м-н чыгышкан; көп кудайга ишенүүчүлүккө, исламдын алгачкы негиздеринен тайгандарга каршы күрөш (жихад) жарыялашкан. Ваххабчылар бир катар араб урууларындагы шайыктардын колдоосуна ээ болушкан. 19-к-дын башында Неж ш-нда ваххабчылардын мамлекети пайда болот. Ирак м-н Сирияга чабуул жасашып, Меке м-н Мединаны каратышат. 1924-ж. Батыш Аравияны басып алышы м-н ваххабилердин ири мамлекети – Сауд Аравиясы пайда болду. В. кийин Индияга, Индонезияга, Чыгыш ж-а Түн. Африкага тарап кеткен. Учурда В. – Сауд Аравиясынын расмий идеологиясы. Бир катар араб өлкөлөрүндө В-тын жолун жолдоочулар бар.