ВЕГЕТАЦИЯ МЕЗГИЛИ
ВЕГЕТА́ЦИЯ МЕЗГИЛИ – 1) белгилүү бир климаттык шартта өсүмдүк өнүп-өсүүчү жыл мезгили. Анын узактыгы табият шартына, геогр. абалына, аймактын климатына жараша кыска, узак же жыл бою болот. Мелүүн климатта В. м. жазгы соӊку сууктан күзгү алгачкы суукка чейинки учурду камтыйт, ал эми тропик ж-а субтропик алкактарында негизинен жыл бою созулат. Өсүмдүктөрдү интродукциялоодо ж-а акклиматташтырууда колдонулуучу эӊ негизги биоклиматтык көрсөткүч болуп эсептелинет. 2) уругу өнө баштагандан толук бышып жетилгенге чейинки, б. а. өсүмдүктөрдүн толук өсүп-өнүгүү циклине кеткен (дыйканчылыкта үрөн себүүдөн түшүм жыйноого чейин) мезгил. Бир түрдүү эгилме өсүмдүк сортторунун В. м. ар кандай: кээ бири тез, кээ бири кеч жетилет. Мис., бир жылдык жаздык буудайдын В. м. 62–189 күн, ал эми күздүк буудайдыкы 200–350 күн. Тез жетилүүчү өсүмдүктөр жылуу мезгили кыска түн. обл-да, бийик тоолуу ж-а кургакчыл райондордо өстүрүлөт. Анын узактыгы чөйрөгө, темп-рага, жарыкка жараша болот. Түштүктө өсүүчү кээ бир өсүмдүктөр (шалы, анар, лимон ж. б.) жылуулуктун жетишсиздигинен түндүктө өспөйт.
Ад.: Ростовцева З. Рост и дифференциация органов растения. М., 1984; Шевелуха В. С. Периодичность роста сельскохозяйственных растений и пути её регулирования. М., 1980.
К. Т. Шалпыков.