ВЕГЕТАЦИЯ ОРГАНДАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:39, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕГЕТА́ЦИЯ ОРГАНДАРЫ – өсүмдүктөрдүн тиричилигин камсыз кылуучу (азыктануу, сырткы чөйрө м-н зат алмашуу) дене бөлүктөрү. Алар спора пайда кылууга ж-а жыныстык көбөйүүгө түздөн-түз катышпайт, бирок вегетациялык көбөйүү кызматын аткарат. В. о. эволюциянын жүрүшүндө өсүмдүктөрдүн суудан кургактыкка чыгып, алардын татаалданышынан, абаны ж-а жер кыртышын өздөштүрүүсүнөн пайда болгон. Жөнөкөй түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн вегетация денеси (таллому) органдарга бөлүнбөйт. Ал клеткалардан тизилген жипче (жип сымал балырлар, козу карындардын мицелийи) ж-а жалпак же тоголок колония түрүндө болот. Татаал түзүлүштүү өсмдүктөрдүн негизги вегетация органдары – тамыр, сабак, жалбырак. Тамыры жер кыртышына бекип, суу ж-а анда эриген минерал туздарды алат. Сабак азык заттарды өткөрүп, жалбырак м-н тамырды байланыштырып турат. Жалбыракта фотосинтез, газ алмашуу ж-а транспирация процесстери жүрөт. В. о-нын тышкы ж-а ички түзүлүшү, алардын аткарган функциясына ылайыктанган. Репродукция органдарына салыштыр.
К. Т. Шалпыков