ВЕДА ДИНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:40, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕ́ДА ДИНИ – байыркы Ирандын, индевропалыктардын диний-мифол. моделдери м-н тектештиги бар, Ведаларда, эӊ башкысы, Ригведада чагылдырылган диний-мифол. түшүнүмдөр комплекси. В. д. Индиянын аймагында байыркы арий урууларынын арасында калыптанган. Мүнөздүү белгиси – табият күчүн көбүнчө мифол. бүдөмүк сыпаттарда Кудайга айландыруу. Таат-ибадат негизи – курмандык чалуу. Брахмандар аткаруучу татаал ритуалдар м-н коштолгон мындай магиялык ырым-жырымдардын мааниси өтө зор болгон. В. д-нин пантеону бийлик-даража тепкичтеринин жоктугу, анын кыйла татаалдыгы, кайсы бир ыӊгай б-ча санжаптоого мүмкүн эместиги м-н айырмаланат. Веда пантеонунун көбүрөөк таат-ибадат кылынган кудайлары: Дьяус (асман кудайы, гректе Зевс), Сурья (күн кудайы), Ушас (таӊ кудайы), Рудра (күн күркүрөө кудайы), Ваю (шамал кудайы), Маруты (бороон кудайы), Индра (чагылган кудайы), Агни (от кудайы) ж. у. с. В. д-нен брахманизм өнүгүп чыккан.