ВЕКCЕЛЬ
ВЕ́КCЕЛЬ (англ. bill) – В-де көрсөтүлгөн акча суммасын белгилүү мөөнөттө карызкордон төлөтүп алууну талап кылууга талашсыз укук берүүчү‚ карызкор (вексель алуучу) тарабынан кредиторго (векселдин ээсине) берилүүчү‚ өзгөчө мыйзамдардын нормалары б-ча жазылган кат жүзүндөгү карыз милдеттенмеси. В-дин башкы касиети – анын «абстракттуулугу»‚ б. а. акча карызынын пайда болушу б-ча кандайдыр бир түшүндүрмөлөрдүн жоктугу‚ о. эле төлөм милдеттенмелеринин В. маалыматтары м-н так ылайык
келиши‚ б. а. талашсыздыгы. В. соода бүтүмдөрүн аткаруу процессинде төлөм каражаты – кредит акча катары кызмат кылган. В. жөнөкөй ж-а которулма (тратта)‚ коммерциялык (карызкорлор товар алуу үчүн күрөөгө берүүчү)‚ банктык (ошол өлкөнүн банктары тарабынан өзүнүн чет өлкөдөгү корреспонденттерине – чет өлкөлүк банктарга коюлуучу)‚ казыналык (мамлекет тарабынан өз чыгымдарын жабуу үчүн чыгаруучу) деп бөлүнөт.