ВЕНГРИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:29, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата 2-tom>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

В́ЕНГРИЯ (Magyarorszfg), В е н г р Р е с п у б л и к а с ы (Magyar Kцztfrsasfg) – Борб. Европадагы мамлекет, Дунай д-нын алабынын борб. бөлүгүндө. Түндүгүнөн Словакия, чыгышынан

Украина ж-а Румыния, түштүгүнөн Сербия м-н Черногориянын, о. эле Хорватия м-н Словениянын мамл. биримдиктери, батышынан Австрия м-н чектешет. Аянты 93,0 миӊ км2. Калкы 9,7 млн (2021). Борбору – Будапешт ш. Мамл. тили – венгр тили. Акча бирдиги – форинт. Адм.-айм. жактан 19 облустан (медье), респ-га баш ийген 1 шаардан (Будапешт) турат (к. таблица). <comment>Таблица бар</comment> Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006) ==Мамлекеттик түзүлүшү==
. В. – унитардык мамлекет. Конституциясы 1949-ж. кабыл алынган (1989, 1997, 2003, 2011-ж. өзгөртүүлөр киргизилген). Башкаруу формасы – парламенттик республика. Мамлекет башчысы – президент, парламент тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайланат (экинчи мөөнөткө шайланууга укуктуу). Мыйзам чыгаруу бийлигининин жогорку органы – бир палаталуу Мамл. чогулуш (386 депутаттан турат, 4 жылга шайланат). Аткаруу бийлигин – премьер-министр жетектеген Өкмөт ишке ашырат. Премьер-министр президенттин сунушу м-н парламент тарабынан шайланат. Саясий партиялары: Венгрия демокр. форуму, Христиан-демокр. элдик партия, Эркин демократтар союзу, Венгрия соц. партиясы ж. б. ==Табияты. ==
Өлкөнүн аймагынын басымдуу бөлүгүн Орто Дунай ойдуӊу ээлейт. Дунай д-нан чыгышты карай жайык түздүк – Альфёльд, батышты карай дөӊсөөлүү (бийикт. 300 мге чейин) Дунантуль түздүгү созулуп жатат. Дунантулда жапыз бөксө тоолор – Баконь, Вертеш, Мечек ж. б. массивдер жайгашкан. Түн.-батышындагы Кишальфёльд түздүгүнүн бир бөлүгү батышынан Альп тоолорунун тармактары (500–800 м) м-н чектешет. Түндүгүндөгү Карпаттын тармактарынын чет-жакалары аркылуу орто бийиктиктеги жанар тоо массивдери (Матра, мында өлкөнүн эӊ бийик жери – Кекеш чокусу орун алган, бийикт. 1015 м), Бюкк ж. б. платолор созулуп жатат. Карпаттын тармактарына рельефтин карсттык формалары (а. и. Агтелек үӊкүрү), жер астынан аккан суулар ж. б. мүнөздүү. Маанилүү кен байлыктардан боксит (ортонку Венгр тоолорунда), нефть ж-а газ (өлкөнүн түштүгүндө, түш.-чыгышында, батышында, Будапешттин түн.-чыгышында), күрөӊ көмүр (Ба-

Дунай дарыясы.

Альфёльд түздүгү. конь, Вертеш, Герече массивдеринде, Батыш Карпаттын тармактарында), лигнит (батыш чек арасында), темир (түн.-чыгышында), марганец (Баконь), коргошун-цинк (Матра), жез (Батыш Карпат) кендери, о. эле металл эмес кен байлыктары бар. Геотерм энергиясынын запасы негизинен өлкөнүн борб. ж-а түш., минералдуу суу булактары батыш, түш., чыгыш ж-а борб. райондорунда жайгашкан. Мелүүн континенттик климат өкүм сүрөт. Кышы салыштырмалуу жумшак (январдын орт. темп-расы –2°Сден –4°Сге чейин), жайы узак ж-а ысык (июлдуку 20–22°С). Жаан-чачындын жылдык орт. өлчөмү тоолордо ж-а өлкөнүн түш.-батышында 800–900 ммден, борб. бөлүгүндө ж-а Альфёльд ойдуӊунун чыгышында 450–500 ммге чейин; мында өтө кургакчыл мезгилдер да болот. Жаан-чачын жайдын башында ж-а күздө мол жаайт. В-нын аймагы Дунайдын алабына кирет (өлкөнүн аймагындагы уз. 410 км). Дунайга В-нын чегинде Драва, Раба, Шио д. оӊ тараптан куят. Өлкөнүн чыгыш бөлүгү Дунайдын ири сол куймасы – Тисанын (В-нын чегиндеги уз. 600 км, анын 444 кминде кеме жүрөт) алабына кирет. Дарыяларынын агымы, деӊгээли кескин өзгөрүп тургандыктан, ташкын көп болот; ташкындан сактануу ж-а суу агымын жөнгө салуу үчүн каналдар, жээктерине жалпы уз. 4000 кмден ашкан дамбалар курулган. Көптөгөн суу сактагычтарынын суу ташкынынан сактоодо ж-а ирригацияда мааниси зор. Өлкөдө 1 миӊден ашык көл бар; алардын ирилери: Балатон, Нойзидлер-Зе (В-нын чегиндеги аянты 80 км2), Веленцеи-То (26 км2). Балатон көлүнүн түш.-батыш чет жакасына жакын Европадагы эӊ ири жылуу көл – Хевиз (0,5 км2) жайгашкан, анда баткак м-н дарылоочу Хевиз курорту бар. Түздүктөрдө кара топурак үстөмдүк кылат; Альфёльд түздүгүндө шорлошкон кара топурак, шор топурактар кездешет. Тиса м-н Дунайдын жээктерине аллювий топурактары мүнөздүү. Тоолорунда ж-а дөбө-дөӊсөөлөрүндө коӊур топурак ж-а рендзиндер өөрчүгөн. Топурак кыртышынын кыйла бөлүгү дефляцияга, эрозияга ж-а экинчи жолу шорлонууга дуушарланган. Табигый өсүмдүктөрү чарбалык аракеттен кыйла өзгөрүп кеткен; маданий ландшафт (айдоо жер, бак-дарак, жүзүмзар ж. б.) басымдуу. Токой В-нын аймагынын 19,9%ин ээлейт. Жазы жалбырактуу токой (эмен, граб, бук) Орто Венгр тоолорунда 300–400 м бийиктиктен өйдө таралган. Бёржёнь, Бюкк, Матра тоолорунда 800–1000 м бийиктикте кызыл карагайлуу ж-а карагай-көк карагайлуу токойлор кездешет. Отургузулган терек, ак акация ж. б. дарактардын көчөттөрүнүн (токой аянтынын 7,3%ин түзөт) сууну, топурак-кыртышты эрозиядан сактоодо мааниси зор. В-нын токоюнун ¼ бөлүгү к-талуу жамгырдан жабыркайт. Өлкөнүн чыгышында (Хортобадь) кылкандуу, негизинен ак кылкандуу дүйүм чөптөрдөн, эмен, кайыӊ, о. эле арча, терек токойлору айкалышып өскөн талаа өсүмдүктөрүнөн турган пушта кездешет. Өлкөдө жалпы аянты 8,3 миӊ км2 болгон коргоого алынган 236 аймак бар, а. и. Хортобадь, Агтелек улуттук парктары Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. ==Калкы==
. Негизинен венгрлер (92,3%, 2001), о. эле цыган, немис, словак, хорват, румын ж. б. жашайт. 1980-жылдан баштап элдин саны азаюуда. Негизги демографиялык проблема – балдардын аз төрөлүшү ж-а өлүмдүн көптүгү. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники – 68,2, аялдарыныкы – 76,9. Калкынын

Эгер шаарынын жалпы көрүнүшү. орт. жыштыгы 1 км2 жерге 108,4 киши туура келет. Шаар калкы 60%. Ири шаарлары: Будапешт, Дебрецен, Мишкольц, Сегед, Печ, Эгер ж. б. Калктын 66,7% тейлөө чөйрөсүндө, өнөр жайы м-н курулушта 27,1%, айыл ж-а токой чарбасында 6,2% эмгектенет. ==Тарыхы==
. В-нын аймагын адам баласы палеолит доорунан баштап мекендеген. Б. з. ч. 1-миӊ жылдыктан азыркы В-нын аймагын сактар (скифтер) ж-а кельттер, индевропалык уруулар – иллириялыктар, фракиялыктар мекендеген. Кийинчерээк герман, хунн, авар уруулары журт которуп келип, ушул жерден Батыш Рим империясына кол салып турушкан. Б. з. ч. 1-к-дын аягында азыркы В-нын аймагы Паннония деп аталган Рим провинциясына айланат. Рим империясы кыйрагандан кийин, Паннония 5–9-к-да хунндардын, вестготтордун, аварлардын кол салуусуна дуушарланып турган. Бул аймакта 430-ж. Аттилла баштаган Батыш хунн мам-

лекети курулуп, ал ыдыраган соң Баян хан баштаган аварлар мамлекети түптөлгөн. 796-ж. Авар кагандыгы Улуу Карл I тарабынан талкаланган. 895–896-ж. азыркы В-нын аймагында, Тиса м-н Дунайдын ортосунда ж-а Дунайдын аркы тарабындагы жерге Арпад падыша баштаган венгрлердин (мажарлардын) 7 уруусу келип отурукташат. Иштван Iнин тушунда (997–1038-ж. башкарган) венгр мамлекети калыптанат. 1001-ж. ченде В. өзүнчө королдук болот. В-га католик үлгүсүндөгү христиан дини кирет. В-нын аймагын татар-монголдордун басып кириши (1240–41) ж-а ич ара согуштары өлкөнүн өнүгүшүнө тоскоолдук кылат. Бирок 14-к-да өндүргүч күчтүн деӊгээли көтөрүлүп, товар өндүрүү ж-а товар-акча мамилеси өөрчүйт. 1301-ж. Арпаддар династиясы бийликтен кетип, анын ордуна Анжу династиясынын өкүлдөрү келет. Алар 1335-ж. чех, поляк королдору м-н биригип, саясий-соода союзун түзүшөт. 1372-ж. Пешт ун-ти ачылат. 16-к-да В-ны түрктөр басып ала баштайт. 1526-ж. султан Сулайман I венгр жерин басып кирип, Мохачтын жанындагы салгылашууда венгрлердин аскерлери жеӊилүүгө учурайт. В-нын ортоӊку бөлүгүн түрктөр, батыш ж-а түн. жагын Австрияны сурап турган Габсбургдар ээлейт, чыгышында Осмон империясына көз каранды Трансильвания княздыгы түзүлөт. 16–17-к-да венгрлер түрк баскынчыларына, Габсбургдарга каршы күрөшөт. 1686-ж. австриялык ж-а венгр аскерлери түрктөрдү адегенде Будадан, анан бүткүл В-дан кууп чыгат. 697-ж. В. королдугунун түн. бөлүгүн дыйкандар көтөрүлүшү каптайт. 1703-ж. дыйкандар көтөрүлүш чыгарып, ошону м-н Габсбургдар эзүүсүнө каршы улуттук-бошт. кыймыл башталат. Күрөшкө ири венгр феодалы Ференц II Ракоци жетекчилик кылат. Бирок көтөрүлүш жеӊилип калат. 19-к-дын 30–40-жылдарында В-да капит. мамилелер өнүгө баштайт. Капитализмдин тез өнүгүшүн жактаган дворяндардын бир даары улуттук экономиканын ж-а мад-тын өсүшүнө кедерги болгон Габсбургдар эзүүсүн жок кылууга умтулат. 1848–49-ж. В-дагы бурж. рев-яны (көрүнүктүү жетекчилери – Л. Кошут, Ш. Петёфи, М. Таячич) Габсбургдар орус падышасынын жардамы м-н баскан. Жеӊилгенине карабастан, ал рев-я феод.-крепостной мамилелерди жоюуга ж-а капитализмдин өнүгүшүнө күчтүү түрткү берет. 1867-ж. Габсбургдар м-н В. биригип Австрия-Венгрия монархиясын түзгөн. В. көз каранды эмес өкмөт ж-а парламентке ээ болгон. 1-дүйнөлүк согушка В. Үчтүктөр Союзу тарабында катышып, согуштун аягында В-да рев-я башталат ж-а анын натыйжасында В. көз каранды эмес респ. деп жарыяланат. 1919-ж. 21-мартта бийлик Бела Кун жетектеген Венгриянын соц. партиясына өтүп, ал Венгр Сов. Респ-сынын түзүлгөндүгүн жарыялайт. Бирок, 1919-ж. августа румын аскерлери Пештти оккуппациялап, 1920-ж. адмирал Хортинин диктатурасы орнотулат. Трианон тынчтык келишиминин (1920) шарттарына ылайык В. аймагынын 1/3 бөлүгүнөн ажырайт. 1930-жылдардан В. гитлердик Германия ж-а Италия м-н жакындашып, 1940-ж. ал Антикоминтерндик ж-а Берлин пактыларына кол коюу м-н 1941-ж. 2-дүйнөлүк согушка Германиянын союздашы катарында катышат. 1945-ж. апрелде В. аймагы сов. аскерлер тарабынан бошотулгандан кийин Хортинин режими кулатылып, 1946-ж. 1-февралда В. респ. деп жарыяланат. В-нын азыркы чек арасы 1947-жылдагы Париж тынчтык келишими тарабынан аныкталган. 1949-ж. В. жаӊы конституция кабыл алып, Венгр Эл респ. деп аталган. 1955-ж. В. Варшава келишиминин (1955) мүчөсү болуп кирген. Сов. үлгүдө социализмди куруу аракети өлкөдө М. Ракошинин керт башына сыйынуучулуктун калыптанышына, өлкөнүн саясатына каршы нааразычылыктарга алып келген. 1956-ж. В-да Ракошинин коммунисттик режимине каршы козголоӊ башталган. Козголоӊ сов. аскерлердин жардамы м-н басылып, 200 миӊге жакын адам чет өлкөгө кетүүгө аргасыз болгон (к. Венгриядагы козголоӊ). Бийликке Я. Кадар баштаган жаӊы өкмөт келген. Чыгыш Европадагы саясий өзгөрүүлөргө байланыштуу 1989-ж. аягында коммунисттер бийликтен кетип, коомдо демокр. процесстер башталган. 1989-ж. 23-октябрда Венгрия Респ-нын түзүлгөндүгү жарыяланган. Көп партиялуу саясий система калыптанып, рыноктук ж-а демокр. реформалар жүргүзүлө баштаган. В-нын алгачкы президенти болуп Арпад Гёнц шайланган (1990–2000-ж. башкарган). 1991-ж. өлкөдөн сов. аскерлер чыгарылган. 1993–96-ж. В. Румыния, Словакия, Украина м-н учурдагы чек аралардын кол тийбестиги ж-дө келишимдерге кол койгон. 1994-ж. В. өз аймагында НАТОнун аскерлерин жайгаштырууну жактырган. 1999-ж. В. НАТОго, 2004-ж. Европа Союзуна, 2007-ж. Шенген келишими ӨлкӨлӨрдүн курамына мүчө болуп кирген. 2002-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин Венгрия Соц. партиясы (MСП) м-н Эркин демократтар союзунун коалициясы бийликке келген. Өлкөдөгү кырдаал 2008-жылдагы дүйнөлүк экон. кризистен кийин кескин өзгөргөн. 2010-жылдын апрелиндеги парламенттик шайлоо В-нын саясий чөйрөсүн түп-тамырынан бери өзгөрттү. 262 парламенттик мандатка ээ болгон «Фидес—ХДНП» оңчул коалициясы жеңишке жетишти. Виктор Орбан премьер-министрликке шайланды. 2012-ж. өлкөдө жаңы конституция кабыл алынган. «Венгрия Республикасы» расмий түрдө “Венгрия” деп аталган. Жаңы конституцияда христиан дининин өлкөнүн турмушундагы өзгөчө ролу баса белгиленип, нике «эркек менен аялдын биримдиги» катары каралган. 2013-жылдын март айында Конституцияга бир катар түзөтүүлөр киргизилип, Конституциялык соттун ыйгарым укуктары чектелген. Өнөр жайды ж-а ишкердикти колдоо чараларынын аркасында В. Орбандын өкмөтү жумушсуздукту азайтып, ИДПнын өсүшүнө жетише алды (2014-ж. 3,5%, ЕБ өлкөлөрүнүн ичинен эң жакшы көрсөткүч). ==Экономикасы. ==
В. экономикасы орт. өнүккөн индустриялуу-агрардык өлкө. Ички дүӊ продукциясы 161,0 млрд долларды (2021) түзөт. Аны киши башына бөлүштүргөндө 16,4 миӊ доллардан туура келет. 1999-ж. чарба тармактарын приватташтыруу негизинен аяктаган. 2005-ж. ички дүӊ продукциясында тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 65,3%, өнөр жай ж-а курулушунуку 31,4%, а. ч. ж-а токой чарбасыныкы 3,3%ти

«Пакш» АЭСи. түзгөн (2004). 2002-жылдан өнөр жайы туруктуу өсө баштаган. Өнөр жай продукциясынын 1/2нин ашыгы (53%, 2005) экспортко чыгарылат. Анын башкы тармактары: машина куруу (а. и. электр-тех., электрондук өнөр жайы, транспорттук машина куруу), хим. (а. и. нефть-хим., хим.-фармацевтика), тамак-аш. В-нын отун-энергетикасына нефть ж-а нефть продукциялары (33,2%), табигый газ (37,1%), көмүр ж-а лигнит (14,3%), атом энергиясы (12,6%), гидроэнергия ж. б. Булактар (2,8%) кирет. Энергия ресурстарынын 70%тен ашыгы сырттан, негизинен Россиядан (нефть, газ, таш көмүр, ядролук отун) алынат. Нефтини ж-а табигый газды казып алуу эки эседен ашык кыскарган. Нефтини кайра иштетүүчү эки заводунда жылына 10 млн т продукция чыгарат. Электр станцияларынын жалпы кубаттуулугу 7530 МВт (2003). 2003-ж. 34,3 млрд кВт . с электр энергиясы өндүрүлгөн; анын 66,5%ке жакыны ЖЭСке, 32,1% АЭСке (Пакш ш. жакын жайгашкан «Пакш» АЭСи, кубаттуулугу 3,0 МВт), 0,6% ГЭСке, 0,8% ж. б-га туура келет. 90-жылдардын аягында кара металлургияны өндүрүү акырындык м-н калыбына келе баштаган (негизинен сырттан келген сырьё м-н). Негизги металлургия комбинаттары Дунауйварош, Диошдьёр (Мишкольцко жакын), Озд ш-нда жайгашкан. 2005-ж. 43 миӊ т алюминий (Айке, Инот) өндүрүлгөн. Жез ж-а жез куймасы Чепель комбинатында (Будапешт ш.) өндүрүлөт. Машин куруунун эӊ маанилүү ж-а тез темп м-н өнүккөн тармагы – электр-тех. ж-а электроника өнөр жайлары (мобилдүү телефон, үн жазуу ж-а кайра угузуу приборлору, тиричилик электр приборлору, жарык берүүчү булактар ж. б.). Анын негизги борборлору: Будапешттин борб. бөлүгү, Дьёр, Мишкольц, Дебрецен, Секешфехервар ш. Транспорттук машина куруу өнөр жайынын тез темп м-н өнүгүүсү В-да чет өлкөлүк ири автомобиль компанияларынын түзүлүшү м-н байланыштуу. Жеӊил автомобилдерди кураштыруу («Volkswagen», «Opel» ж. б.) з-ддору иштейт. 1999-ж. «Opel» автомобилин чыгаруу токтотулуп, з-д кыймыл бергич мотор блокторун даярдайт. Венгр «RABA» автокомпаниясы дизель кыймылдаткычтарын, жүк ташуучу автомобилдерди, шассилерди, о. эле «Ikarus» автобусун, Будапешттеги з-ддор темир жол техникасын (локомотив, вагондор ж. б.) чыгарат. Химия өнөр жайынын негизги тармагы – фармацевтикалык, дары-дармек өндүрүү; нефть-хим. өнөр жайы (негизинен пластмасса) өнүккөн. В. европ. Союзга кирүү м-н катар, андагы рынок талашкан атаандаштыкка, Европа союзу тарабынанн айлана-чӨйрӨнү коргоо б-ча коюлган катуу талаптарга туруштук бере албай Өндүрүштүн айрым тармактары жакшы өнүгө албай жатат. А й ы л ч а р б а с ы. 90-жылдардын башында өлкөнүн а. ч-нда кризис болгон. А. ч. кооперациянын шашылыш жоюлушу, жер реформасын жүргүзүдө кеткен кемчиликтер, жетишсиз каржылоо ж. б. себептер а. ч. өндүрүшүнүн кыйла төмөндөп кетүүсүнө алып келген. 90-жылдарда ички дүӊ продукциясындагы а. ч. продукциясынын үлүшү 17,7%тен (1992-жылкы) 3,3%ке (2004) чейин төмөндөгөн, агрардык продукцияны

Токай өрөөнүндөгү жүзүмзар. экспорттоонун көлөмү, айдоо жерлердин аянты, малдын саны кыскарган. Өлкөнүн азыркы агрардык саясаты а. ч-нын экономикадагы ролун чыӊдоого, айрыкча буудай, эт, жашылча, мөмө-жемиш ж-а шарап өндүрүүнү өнүктүрүгө багытталган. А. ч-га жарактуу жери 6,4 млн гадан ашык (2002), а. и. 78%и – айдоо жер (же В-нын аймагынан ½), 5%тен ашыгы бак-дарак ж-а жүзүмзар, 17%и табигый тоют жерлер. Сугат жеринин аянты 210 миӊ гадан ашык. Дыйканчылыгынын негизин жүгөрү ж-а буудай өстүрү түзөт. О. эле жүгөрү, буудай, арпа, гибрид буудай ж-а кара буудай, сулу, Люцерна, жүгөрү ж. б. тоют өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Негизги тех. өсүмдүктөрү: кант кызылча, күн карама, рапс. А. ч-нда картошка, дарбыз, томат, капуста айдалат. Жүзүмчүлүк өнүккөн. В. ак ж-а кызыл шарабы м-н белгилү. Мал чарбасы а. ч. продукциясынын 60%тен ашыгын берет. Анын негизги тармагы – чочкочулук. Ортоӊку Венгр тоолорунда ж-а Дунантулда, о. эле Будапешттин тегерегинде бодо мал асыралат. Үй куш чарбасы өнүккөн. Экономикасынын ири сектору – т е й л ө ө ч ө й р ө с ү; анын маанилү тармактары: банк-кредит системасы ж-а камсыздоо тейлөөсү соода ж-а турмуш-тиричилик жактан тейлөө, транспорт ж-а байланыш, билим берүү, саламаттыкты сактоо, адм. жактан тейлөө ж. б. Туризм – экономиканын өнүгүп жаткан тармактарынын бири. Ал ички дүӊ продукциясынын 10%ке жакынын түзөт; анда экон. активдүү калктын 7%ке жакыны же 300 миӊдей адам иштейт. Жыл сайын 15 млндон ашык чет элдик туристтер келет. В. Европанын борб. бөлүгүндө жайгашкан транспорттук-геогр. ыӊгайлуу абалы ж-а өнүккөн транспорттук коммуникация тармагы м-н өзгөчөлөнөт. Ички жүк ташуунун жалпы көлөмүнүн (36,4 млрд т ·км) 56,6%и автомобиль транспортуна, 24,4% темир жолго, 14,9% куур транспортуна, 3,9% дарыя транспортуна, 0,2% башкаларга таандык. Эл аралык ж-а транзиттик (В-нын аймагы аркылуу өткөн) жолдорго ташылган бардык жүктүн 62,3%и таандык. Автомобиль жолунун жалпы уз. 159,6 миӊ км (а. и. асфальтталганы 70,1 миӊ км); темир жолунуку 7937 миӊ км (а. и. 7682 кми европ. стандартка ылайык, 2628 кми электрлештирилген), ички суу жолунуку 1622 км (негизинен Дунай аркылуу). Негизги дарыя порттору Дунайда: Будапешт, Дунауйварош, Байя, Мохач ж. б. Куур магистралдарынын уз. 5722 км (2004), а. и. газ куурунуку 4397 км, нефть куурунуку 990 км, нефть продуктулар куурунуку 335 км. В-нын аймагы аркылуу магистралдык газ куурлары – «Братство» (Россиядан Украина аркылуу) ж-а «Баумгартнер-Дьёр» (Австриядан); нефть куурлары – «Достук–I» (Россиядан Украина аркылуу) «Достук–II» (Россиядан Украина ж-а Сло-

Венгрия акчасы. вакия аркылуу) ж-а «Адрия» (Хорватиядан) өтөт. Будапештке жакын «Ферихедь» эл аралык аэропорту бар. Өлкөнүн экспортунда машиналар ж-а жабдуулар (байланыш каражаттары, үн жазып, кайра угузуучу жабдуулар, автоматташтырылган маалымат системасы, тиричилик ж-а өнөр жайлык маанидеги электр приборлору ж. б.) басымдуу; о. эле башка өнөр жай буюмдарын, азык-түлүк товарларын, ичимдиктерди, сырьё, электр-энергиясын, отунду негизинен Германияга, Австрияга, Италияга, Францияга, Улуу Британияга чыгарат. Төмөнкү импорттук товарлар – машина ж-а жабдууларды, башка өнөр жай буюмдары, отун ж-а электр-энергиясы, түрдүү сырьёлор Германиядан, Россиядан, Австриядан, Кытайдан, Италиядан, Франциядан алынат. ==Маданияты. ==
Агартуу иши 12–13-к-да өнүгө баштаган. 1844-ж. башталгыч ж-а орто мектептерде венгр тилинде окутуу тууралуу мыйзам кабыл алынган. Агартуу системасы өзгөрүп, 1948-ж. бардык мектеп мамлекеттин карамагына өткөн. Мектеп жашына чейинки курактагы балдар үчүн (3–6 жаш) бала бакчалары, 8 жылдык мектеп, жалпы билим берүүчү орто мектеп-гимназиялары бар. 1990-жылдардын аягынан окуу жайларын жетектөө жерг. бийлик органдарына жүктөлгөн. 1998-ж. билим берүүнүн улуттук программасы кабыл алынган. Билим берүү системасы мамл. ж-а мамл. эмес мекемелерден турат. 6–18 жашка чейин окутуу милдеттүү ж-а акысыз. 2003/04–окуу жылында балдардын 80%и мектепке чейинки мекемеге барган, 99%и – башталгыч мектепте, 92%и – орто окуу жайларында окуган. Негизинен калктын билимдүүлүгү (15 жаштан жогору, 2004) 99,3%ти түзөт. Жогорку билим берүү системасы өнүккөн. 18 мамл. ун-т, 5 диний ун-т, 1 менчик ун-т ж-а 12 мамл., 21 диний, 9 менчик коллеждери иштейт. Будапештте Э. Лоранда атн. ун-ти (1635), И. Ф. Земмельвейс атн. медицина ун-ти (1769), о. эле Венгрия ИА, Сеченьи атн. мамл. китепкана, Улуттук музей (1802), Улуттук гал. (1957), Табияттаануу тарыхынын улуттук музейи (1802), Сүрөт өнөр музейи (1896) бар. Мезгилдүү басма сөзү 18-к-дын башында пайда болгон. 1918-ж. «Вёрёш уйшаг» гезитинин 1-саны чыккан. Учурда 10 улуттук ж-а 24 жерг. гезиттер чыгарылат (2005). Өлкөнүн ичине ж-а чет өлкөлөргө информация таратуу ишин Венгр телеграф агентчилиги (1880-ж. негизделген) жүргүзөт. 1925-жылдан радиоуктуруу, 1958-жылдан туруктуу телекөрсөтүү башталган. «Maguar TV» мамл. телекомпаниясы 2 каналды башкарат. Венгр жазмасы Венгр мамлекети (9-к.) жаралганда эле пайда болгон. Бир топ убакыт ад-т венгр тилинде эмес, латын тилинде өнүккөн. Венгр жазма ад-тынын башаты – фольклор (11–12-к-га таандык). 13–14-к-да венгр ад-ты диний багытта өнүккөн. Кийинчерээк Я. Витез (1408–72) м-н Я. Паннониус (1434–72) алгачкылардан болуп ад-тты гуманисттик багытка бурган. 16-к-дын 2-жарымында венгр ад-тында ренессанстык проза пайда болуп, байыркы венгр аӊыздарына негизделген аӊгемелер, тамсилдер, памфлеттер жазылган (Г. Хельтаи, 1574-ж. өлгөн, П. Борнемисса, 1535–84). Кайра жаралуу доорунун көрүнүктүү өкүлү Б. Балашши (1554–94). Анын лирикалары В. ад-тынын өнүгүшүнө зор таасир тийгизген. 17–18-к-да венгр ад-тында барокко агымы пайда болгон (П. Пазмань, 1570–1637; М. Зриньи, 1620–64). Алардын поэзиясында ак сөөктөрдүн жашоо-турмушу чагылдырылган. 18-к-дын аягынан В. ад-ты агартуучулук багытта өнүккӨн (М. Бетлен, К. Микеш, Ф. Ракоци). 19-к-да венгр ад-тында ар кыл багыттар пайда болду, негизинен романтизм багытында өнүккӨн. Ш. Кишфалуди лирикалык поэзияны, Я. Бачаньи гражд. лириканы, Ф. Казинци венгр адабий тилин, М. Чоконаи-Витез поэзияны, Й. Катона драманы, М. Фазекаш фольклордук багыттагы поэзияны өнүктүрүүгө салым кошушкан. Романтизм элдик поэзияга ж-а элдин өткөн турмушун сүрөттөөгө көӊүл бөлдү (Мис. Ф. Кёльчеинин лирикалары, (1790–1838); М. Йошиктин романдары, (1797–1865); М. Вёрёшмтартинин ырлары м-н поэмалары (1800–55)]. Реализмдин өнүгүүсүндө Вёрёшмартинин тарыхый драмалары, Й. Этвёштун (1813–71) прозалары чоӊ роль ойногон. Ш. Петёфинин (1823–49) поэзиясы венгр ад-тына чоӊ бурулуш алып келген. Анын ырларынын мазмуну рев-ялык.-демокр. негизде болуп, элдин аӊ-сезимин ойготкон. О. эле поэзияда Э. Ади, М. Бабич, Д. Костоланьи, Д. Юхас, прозада Ж. Морица, М. Кафка, Д. Круди сыяктуу акын-жазуучулар өзгөчөлөнгөн. Көпчүлүгү экспрессионизм, сюрреализм багытында чыгармаларды жаратышкан. СССРде эмиграцияда жүргөн Мате Залка (1896–1937), А. Комят (1891–1937) өӊдүү жазуучулар соц. реализмге ыкташкан. В. Эл Респ. түзүлгөндөн кийин ад-т соц. реализмдин жолу м-н өнүккөн. Й. Фодор, А. Гидаш, Д. Ийеш, И. Ваш, Ш. Вереш, Л. Беньямина, М. Ваци, Л. Надь, И. Шимона, Ф. Юхаса, Маргит Сеч, Л. Мештерхази, И. Шаркади, Д. Фекете, Ш. Шамоди Тота, Ф. Шанта, Л. Галамбоша, Э. Галгоци, К. Сакони ж. б. акындар, жазуучулар ж-а драматургдар кыйла чыгармаларды жаратышкан. 20-к-дын 60-жылдарында Ийештин, Шимондун, Вацинин, Гараинин ырлары ж-а Дарваштын «Нөшөрлүү жамгыр» (1963) романы, Фекеттин «Дарыгердин өлүмү» повести (1963), Шанттын «Жыйырма саат» (1964), Эркендин «Тотовдун үй-бүлөсү» (1966) сыяктуу чыгармалар жарыяланган. 1970-жылдары модернизм багытында жаш акын-жазуучулар чыгышкан (П. Эстерхази, П. Надаш, Д. Шпиро, Л. Краснохоркаи, Д. Тандори ж. б.). 1980–90-ж. ад-т постмодернизм багытында өнүктү (Ш. Тар ж. б.). В. ад-тында 1990-ж. жазуучулар Д. Конрад, Б. Хамваш ж-а акын Д. Петринин чыг. өзгөчөлөнгөн. В-да дүйнөлүк ад-ттын 9 томдук энциклопедиясы жарык көргөн. «Венгриянын эл жомоктору» (1959), Ш. Петёфинин «Ырлар жана поэмалар» (1957), Ш. Наддын «Элдешүү» (1953), М. Кальмандын «Аргасыз нике» (1962) деген китептери кыргыз тилинде жарыкка чыккан. В. жеринде неолит мезгилиндеги скиф, кельт иск-восунун эстеликтери, чопо скульптуралар сакталган. О. кылымда роман стилиндеги чиркөөлөр курулган. 11-к-дагы өнөр иск-восунун эстеликтерине византиялыктардын таасири болгон (король Иштван Iнин таш күмбөзү, Фельдебрёдогу «төмөнкү храмда» сүрөт-

Будапешттеги кол өнөрчүлүк искусство музейи. 1891–96. Арх. Э. Лехнер. төрдөн фрагменттер). Готика стилиндеги турак жайлар, бийик дубал м-н курчалган ж-а мунаралуу сепилдер (Диошдьёр, Вишеград) курулган. 14–15-к-да Европада станоктук живопись өнүккөн. Бир туугандар Мартон ж-а Дьерд Коложвари (14-к-дын 2-жарымы) ошол замандагы венгр королдору ж-а касиеттүүлөрдүн коло статуяларын жасашкан. 16-к-да Кайра жаралуу доорунун арх-расы, 17-к-дын аягы – 18-к-дын башында барокко, 19-к-дын 1-жарымында классицизм стили өкүм сүргөн (Пешттеги улуттук

Ньирбатор айылында чиркөөдөгү элдик барокко стилиндеги скульптура.

З. Т. Чотвари. «Жалгыз кедр». 1907. Венгр улуттук гал. (Будапешт). музей, 1837–47, арх. М. Поллак; И. Ференцинин портреттик ж-а статуялык чыгармалары). Живописте 1830–40-ж. классицизмдин белгилери романтизм тенденциялары м-н айкалышып, бидермейердин таасиринде болгон (К. Марко Улуусунун пейзаждары; М. Барабаштын портреттери, пейзаждары ж-а жанрдык сценалары). 19-к-да графика, скульптура ж-а арх-ра кеӊири өнүгөт. 1860-жылдардын аягында коомдогу социалдык карама-каршылыктар реалисттик жанрдагы живопистин негизделишине алып келген. Белгилүү венгр сүрөтчү-демократ М. Мункачинин чыгармалары түстөрдүн таасирдүү гаммасы м-н айырмаланган. 19–20-к-дын аралыгында В. иск-восунда «модерн» багыты пайда болгон (Будапешттеги иск-во музейи, 1891–96, арх. Э. Лехиер). Будапешттин аянттарында ж-а гүл бактарында параддык монументтер курулган (Венгриянын 1000 жылдыгына арналган эстелик, 1894–1929, скульптору Д. Зал ж. б.). Фашисттик диктатуранын мезгилинде көпчүлүк венгр сүрөтчүлөрү чет өлкөлөрдө иштешкен (Б. Уиц, Ш. Бортник, Ш. Эк, Л. Мохой-Надь ж. б.). 1945-жылдан кийин өлкөдө имараттарды жасалгалоо фреска, мозаика, дубал живописи, сграффито, майда скульптуралык формалар колдонулган (Элдик стадион, 1948–53; Будапешттеги Эржебет көпүрөсү, 1945; Дебрецен м-н Кечкеметтеги мейманканалар ж. б.). Венгр сүрөт иск-восун өнүктүрүүдө улуттук реалисттик салттардын мурасчылары (жипописчилер И. Сеньи, А. Бернат, скульпторлор Ф. Меддьеши, Ш. Микуш ж. б.) зор эмгек сиӊиришкен. 1960-жылдардын иск-восуна көркөм изденүүлөрдүн көп жактуулугу мүнөздүү. 70-жылдардын иск-восуна эмоциялуу-экспрессиялуу чечмелөө, кээде символизм м-н сюрреализмдин татаал белгилерин киргизүүгө (Т. Чернуштун живописи, И. Варганын скульптурасы, А. Граштын графикасы ж. б.) кызыгуу сезилет. Балет спектаклдерин 1839-ж. чет өлкөлүктөр коюп баштаган. Алгачкы венгр балет артисти Э. Араньвари болгон. 19-к-дын 90-жылдарында улуттук сюжеттеги балеттер аткарылган. 20-кдын башталышында балетмейстер Н. Гуэрра бийчилерди тарбиялап, бир топ балеттерди койгон. 1920–30-ж. композиторлор Б. Барток, З. Кодай балеттик музыка жаза баштаган. Ошол кезде балетмейстер Д. Харангозойгон алгачкы спектаклин койгон. 1945-жылдан классикалык ж-а заманбап балеттер коюлган. Белгилүү улуттук балеттер, анын ичинде көп актылуу «Колуктунун бетаарчысы» (1951, Е. Кенешшей) балети жаралган. Бартоктун балеттери кеӊири белгилүү болгон. Элдик бийдин өнүгүшүнө көӊүл бурулган. Эӊ чоӊ балет труппасы Будапешттеги опера театрында. 1950-ж. Будапештте Балет иск-во ин-ту ачылган. 1960-жылдан Печеде И. Экктин жетекчилиги м-н ошол кездеги композиторлордун балеттери коюлган. 1979-ж. Дьёр ш-нда И. Марконун жетекчилиги м-н балет труппасы уюшулган, 1992-жылдан азыркы замандын бийлеринин фестивалы өткөрүлгөн.

Б. Бартоктун «Жыгач канзаада» балетинен көрүнүш. Хореограф Д. Харангозо. Венгр мамлекеттик операсы. В-да профессионал муз. мад-т 13-к-да өнүгө баштаган. 15-к-да Буда ш-нда король сарайынын капелласы уюштурулган. В. музыкасынын өнүгүшүнө 18-к-дын аягындагы вербункош деп аталуучу аспаптык музыка өзгөчө таасир тийгизген. Вербункошко жаӊы муз. элементтерди кошуп ж-а аны өөрчүтүп, композитор И. Ружичка «Беланын качышы» (1822) туӊгуч венгр операсын жазган. Вербункош Батыш Европа музыкасына чоӊ таасир тийгизген, композиторлор Гайдн, Моцарт, Бетховен, Вебер, кийинчерээк Г. Берлиоз, Й. Брамс, Ф. Лист аны чыг-на колдонушкан. Ф. Эркель улуттук-романтикалык венгр операсына негиз салуучу катары баатырдык-патриоттук сюжеттеги («Банк бан», «Дьердь Дожа» ж. б.) операларды жазган. 1837-ж. Пешт ш-нда опера театры, 1840-ж. улуттук консерватория, 1853-ж. Филармония коому ачылган. 19-к-дагы венгр улуттук музыка мад-тынын өнүгүшүнө көрүнүктүү композитор ж-а пианист Ф. Лист зор таасир тийгизген. 20-к-да В. музыкасынын өнүгүү жолу композитор З. Кодай

Ф. Лист. М. Мункачи тарткан портрет. 1886. Венгр улуттук гал. (Будапешт). м-н Б. Бартоктун композиторлук ж-а этнографиялык эмгектерине байланыштуу. Өлкөдөгү муз. мад-ттын борбору – Будапешт. Бул жерде Ф. Лист атн. Улуттук муз. академия, Б. Барток атн. консерватория, Венгр опера театры, Борб. опера театры, Будапешттеги симф. оркестр, В. мамл. симф. оркестри, В. филармониясынын оркестри ж. б. бар. Мамл. эл-бий ансамбли, «Будапешт» бий ансамбли ж. б. көркөм чыг-лык коллективдер белгилүү. Көрүнүктүү венгр аткаруучулары – дирижёр Я. Ференчик, пианистка А. Фишер, скрипачтар – Д. Ковач ж-а В. Татраи ж. б., опера ырчылары – А. Фараго, Р. Илошфальви, Д. Мелиш, Й. Рети, Э. Хази, М. Ласло, Ю. Орос, О. Сени; музыка изилдөөчүлөр ж-а музыка сынчылар – Б. Сабольчи, А. Мольнар, И. Уйфалушши ж. б. В-да туӊгуч театр труппасы театр ишмери Л. Келемендин жетекчилиги м-н 1790-ж. уюшулган. 1796-ж. мещандык немец драмалары (А. Коцебу, Ф. Шрёдер ж. б.), классикалык (Г. Э. Лессинг, У. Шекспир, Мольер) ж-а венгр драматургдарынын (Ф. Бешшеньей) пьесалары көрсөтүлгөн. 1792-ж. бир тууган Фейерлердин жетекчилигинде Клужда (Трансильвания) театр өз чыг-лыгын баштаган. Алгачкы венгр профессионал актёрлору улуттук театр мектептерин түзүшкөн. 19-к-дын башында В. «кыдырма» театрлары шаар, кыштактарда оюн көрсөтүшкөн. Ошол кездеги Г. Дерине-Сеппатаки, Ж. Сентпетери, К. Медьери сыяктуу белгилүү сахна чеберлери чыккан. 1837-ж. Пешт ш-нда «Мадьяр сингаз» театры ачылып, 1870-жылдан В. улуттук театры негизделген. У. Шекспир, Н. В. Гоголь, («Текшерүүчү») Г. Ибсен («Нора») ж. б. драматургдардын пьесалары, опералык спектаклдер көрсөтүлгөн. 19-к-дын аягында Будада «Непсинхаз», Пештте «Вигсинхаз» (1896) элдик театрлары ачылган. 1958-ж. Будапештте театр ин-ту, театр, кино ин-ту уюшулган. В-да 30дан ашык театр иштейт (1970). 1896-ж. Будапештте туӊгуч кино-театр ачылган ж-а хроника фильмдери чыгарылган 1901-ж. «Бий» фильми тартылган (реж. Б. Житковский), 1912-ж. көркөм фильм тартуу башталган. 1948-ж. В. кинематографиясы улутташтырылган. Фашисттик бийлик учурунда бурж. көз караштагы фильмдер чыккан. Көрүнүктүү кино ишмерлери чет мамлекеттерге кеткен. Өлкө немец-фашист баскынчыларынан бошотулгандан кийин улуттук кино өнөрү өркүндөй баштаган. «Европанын бир жеринде» (1947), «Бир укум жер» (1948) ж. б. кеӊири белгилүү фильмдер тартылган. 1960-жылдардагы фильмдерде чындык курч мүнөздө көрсөтүлүп («20 саат», 1964), адамдардын өз ара мамилелерин («Ата», 1966), венгр элинин 19-к-дагы фашисттик эзүү мезгилиндеги («Үмүтсүз», 1965; «Муздак күндөр», 1966) ж-а жаштар турмушу («Кыялдануу», 1964) чагылдырылган. Ш. Печи, К. Тольнаи, М. Габор, Л. Башти, Е. Руткаи, М. Теречик, И. Шинкович, И. Дарваш, З. Латинович ж. б. белгилүү киноактёрлору бар. Кино тармагындагы адистерди Будапешттеги театр ж-а кино академиясы даярдайт. 1956-ж. Кинематография ил.-из. ин-ту уюштурулган. Ад.: Власова Т. В. Венгрия. М., 1948; Романова Э. П. Современные ландшафты Европы. М., 1997; Деловая Венгрия: Экономика и связи с Россией. М., 2002–2005–. Т. 1–7–; Россиянов О. К. Реализм в новой венгерской прозе. М., 1979; Литературный энциклопедический словарь. М., 1987; Два века венгерской литературы. М., 1997.