ВЕНГРЛЕРДИН (МАЖАРЛАРДЫН) БАТЫШКА ЖУРТ КОТОРУУСУ –

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:39, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕНГРЛЕРДИН (МАЖАРЛАРДЫН) БАТЫШКА ЖУРТ КОТОРУУСУ – венгрлердин өз алдынча улут катары калыптанышындагы чечүүчү окуя. Азыркы венгр окумуштууларынын (Немет, Барги, Лигети) пикири б-ча байыркы мажар уруулары азыркы Россиянын Ханты-Манси округунун түндүгүн, Батыш Сибирди мекендешкен. Элдердин Улуу көчү мезгилинде алар азыркы Башкыртстан аймагына, кийинчерээк Мугалжар – Жайык жерине, акыры Түн. Кавказга келген. Мажар уруулары ушул мезгилде түрк уруулары м-н жакындашып, Эдил (Волга) ж-а Дон сууларынын аралыгында, кийин Днепр ж-а Дунайдын төмөнкү агымына барып отурукташкан. 870-ж. араб булактарында Леведия (Ливедия) союзу м-н кунду уруусунун күчү биригип, анын падышасы Алмаш Арпаддын ээлиги кеӊейгендиги айтылат. Аны Византия императору Константиндин кол жазмаларындагы даректер бекемдейт. Алмаш Арпад династиясы бийлеген мажарлар 862-жылдан Борб. Европадагы согуштук иштерге активдүү кийлигише баштайт. Алар алгач фракиялыктарга каршы моравалар тарабында, 894-ж. моравалар ж-а византиялыктар м-н союз түзүп, фракиялыктар м-н Дунай булгарларына каршы күрөшкөн. 900-ж. Италиянын түндүгүнө чейин жеткен мажарлар Дунай боюн толук ээлеп, 902-ж. фракиялыктар м-н болгон кезектеги согушунан кийин Батышка жылуусун токтоткон. Ошентип, алар табигый шарттары ыӊгайлуу Карпат тоолорун этектей биротоло жайгашып калган. Уламыш б-ча ал жерде мажарлардын жети уруусунун башчылары Елод, Онд, Конд, Таш, Хуба, Тохотом, Алмаш чыгыш салты б-ча кан чыгарып, теӊирге, арбакка ант беришет. Жаӊы мекенге жайланышкандан кийин мажарлар көчм өн мал чарбачылыгы м-н кесиптенип, акырындап дыйканчылыкка оой башташат. Айрым маалыматтар б-ча бул мезгилде алардын саны жарым миллиондой болгон. 955-ж. герман королу Оттондон катуу жеӊилгенден кийин жоокерчиликтен, көчмөндүктөн баш тартышкан. Кийин христиан динин кабыл алышып, европалыктарча өмүр кечире башташкан. Мажар тарыхында «Мекенге отурукташуу» деп аталган бул окуянын чечүүчү учурлары м-н көч салтанаты 1896-ж. Венгриянын 1000 жылдык мааракесин белгилөө учурунда көркөм чыгармаларда чагылдырылган. 20 сүрөтчү катышкан уз. 120 м, бийикт. 15 м панорама даярдалып, ал 1991–95-ж. толугу м-н кайра калыбына келтирилген. Б. Хинаят уулу.