ВЕНЕДДЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:39, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕНЕДДЕР, в е н е т т е р, в е н д д е р (лат. venedi, veneti) – 1) байыркы мезгилдерде Адриатика деӊизинин түн. жээктерин мекендеген уруулар, алар По д-нан түн.-чыгышка карай отурукташкан. Аталган уруулардын келип чыгышы тууралуу маселе илимде так чечилген эмес. 2) Рим императору Цезардын Галлияга жасалган жүрүштөрүнүн (б. з. ч. 58–51-ж.) учурунда каратылган кельт уруусу. 3) В. – славян урууларынын батыш канаты. В. аталышы б. з. 1-к-нан тарта кездешет. Алар Висла д-нын боюнда, Балтика жээктеринде ж-а Дунайдын төмөнкү агымында отурукташкан. Плиний м-н Тацит В-ди сарматтарга, готт тарыхчысы Иордан (6-к.) славяндарга таандык деп эсептеген. 7–8-к-да В-дин бир бөлүгү чыгыш славяндарга аралашкан деген божомол айтылат. О. кылымдарда немецтер славяндарды Wenden, Winden деп аташкан.