ВЕНТИЛЬ ФОТОЭФФЕКТИСИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:39, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕ́НТИЛЬ ФОТОЭФФЕКТИСИ – ар түрдү жарым өткөргүчтөрдүн тийишкен жерине жарык кванты таасир эткенде, ал системада электр кыймылдаткыч күчүнүн пайда болушу. Жарык ургаалдуулугуна жараша электр кыймылдаткыч күчүнүн пайда болушу көбөйөт да, жарыктаныштын андан ары чоӊоюшу м-н анын өсүшү токтолуп, каныгууга жетет. Жарым өткөргүчт өрдөн жасалган фотоэлементтер илимде, техникада кеӊири колдонулат. Мис., кремнийден жасалган фотоэлементтер күн энергиясын түздөн түз электр энергиясына айландырууга жарайт. Алар жердин жасалма жандоочуларындагы радиоаппаратураларда колдонулат.