ВЕРЕЩАГИН
ВЕРЕЩА́ГИН Василий Васильевич [14(26).10.1842, Новгород губ., Череповец ш. – 31.3 (13.4). 1904] – орус баталист живописчиси. Алгач Петербург көркөм сүрөт академиясында (1860–63), кийин Парижде (1864–65) окуган. Бир нече жолу Кавказга, Крымга, эки жолу Түркстанга (1867–68, 1869–70), эки ирет Индияга (1874–76, 1882) барган. 1877–78-ж. орус-түрк согушуна катышкан. 1884-ж. Сирия м-н Палестинаны, 1880–1903-ж. Америка, Японияны ж-а Россиянын чет-жакаларын кыдырып чыккан. 1904-ж. Орус-япон согушуна катышкан. В. өзү күбө болгон согуш элестерин чагылдырган «Согуш апофеозу» (1871–72), «Чабуулдан кийин» (1881)

байы». 1871. Мамл. Третьяков гал.
ж. б. атактуу чыгармаларын жараткан. В-дин картиналары документтик тактыгы, автордук ойдун ачык берилиши ж-а түстөрдүн карым-катнаштарынын ыргактуулугу м-н айырмаланат. В. турмуш чындыгын ырааттуу көргөзүүгө умтулган демократ сүрөтчү болгон. В-дин чыг-лыгында «Түркстан сериясы» (1871–74) өзгөчө орун ээлейт. Аталган серияга кыргыз жери ж-дөгү көптөгөн тематикалык чыгармалары [«Чүй суусу боюндагы кыргыз боз үйү», «Кыргыз көчү» (1869–70), «Куш кармаган кыргыз байы» (1871) ж. б.] ж-а этюддары («Барскоон өткөөлү», «Ала-Тоо аймагында», «Ысык-Көл» ж. б.) кирет. В. кыргыз элинин турмушун, жаратылышынын кооздугун суктануу ж-а тереӊ сый-урмат м-н тарткан.
Ад.: Лебедев А. К. В. В. Верещагин. М., 1972.