ВЕРН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:40, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕРН Жюль Габриэль (8.2.1828, Франция, Нант – 24.3.1905, Амьен) – француз жазуучусу, коомдук ишмер, ил.-фантастикалык роман жанрын баштоочулардын бири. Адабий чыг-лыгын 1849-ж. пьеса жазуудан баштаган. Анын «Аба шарында өткөн беш жума» аттуу туӊгуч романы 1863-ж. жарык көргөн. Ал 65тен ашык ил.-фантастикалык, социалдык-сатиралык роман, повесть-аӊгемелерди, геогр. изилдөөлөрдүн тарыхы б-ча эмгектерди жазган. Анын чыгармалары таў калыштуу, жомоктогудай окуяларга бай. Жазуучунун «Суу асты менен 20 000 км» (1869–70), «Капитан Гранттын балдары» (1867–68), «Сырдуу арал» (1875) ж. б. чыгармалары кыргыз тилине да которулган. Айдын аркы бетиндеги кратер анын ысмынан аталат.