ВЕРСТАК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:39, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕРСТА́К (нем. Werkstatt – устакана) – иштетилүүчү буюмду бекитүүчү жабдуусу, айрым учурда механикалаштырылган аспабы ж. б. бар жумушчу стол. Ал бир ж-а көп орундуу болуп, темир устачылыкка (темир ж. б. материалдарды) ж-а жыгач устачылыкка (жыгач материалдарды иштетүүгө) арналат. В-та керектүү аспаптар, жасалгалар, материалдар, тетиктер, тех. документтер сакталат. Бир орундуу В-тын бийикт. 0,8 – 0,9 м, туурасы 0,7–0,8 м, уз. 1,2–1,5 м. Эки же андан көп орундуу В-тардын өлчөмдөрү тиешелүү түрдө чоӊойтулат. Азыркы учурда көтөрүп жүрүүчү В. кеӊири колдонулууда.