ВЕСТИБЮЛЬ АППАРАТЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:39, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕСТИБЮ́ЛЬ АППАРАТЫ (лат. vestibulum – кире бериш) – адам ж-а омурткалуу жаныбарлардын денеси м-н башынын абалынын мейкиндикте өзгөрүүсүн, о. эле кыймылдын багытын (тездөө, дирилдөө) кабыл алуучу сезүү органы; ички кулактын бир бөлүгү. Ал – вестибюль анализаторунун татаал рецептору. В. а. ички кулактын кирпикче клеткалары м-н эндолимфалардын жыйындысынан турат. В. а-нын козголуусун угуу нервинин вестибюль бутагы мээге өткөрөт. Анын функциясынын борборлору каракуш мээ, көздү кыймылдаткыч нервинин ядролору, вегетатив нерв истемасынын борборлору м-н байланышкан. В. а-нын жогорку кыртыш борбору мээнин чоӊ жарым шарынын чыкый бөлүгүндө жайгашкан. Анын рецепторлорунун дүүлүгүүсүнөн дененин абалы өзгөргөндө теӊ салмактуулукту сактоочу айрым рефлекстер (моюн, дене, кол, бут булчуӊдарынын тонусу өзгөрөт) пайда болот. Адамда В. а. катуу дүүлүккөндө баш айланат, жүрөк иши, дем алуу ыргагы бузулат, жүрөгү айланып, кусат. Эгер ал дүүлүктүрүү бат-бат кайталаганса, ага болгон реакция азая баштайт. Моряктар, учкучтар ж-а космонавттарды вестибюлдук машыктыруу ушуга негизделген.