ВЕСТ-ИНДИЯ КОМПАНИЯЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:39, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕСТ-И́НДИЯ КОМПАНИЯЛАРЫ – Америкада ж-а Батыш Африкада соода жүргүзүүгө ж-а колониялаштырууга монополиялык укугу бар европ. соода компаниялары. 1) Г о л л а н д и я л ы к (Нидерланд) В.-И. компаниясы 1621–1791-ж. өкүм сүргөн. Бул компания Бразилиянын аймагынын бир бөлүгүн, Вест-Индиянын бир катар аралдарын басып алган. 1626-ж. голландиялык В.-И. компаниясы Жаӊы Амстердам (азыркы Нью-Йорк) шаарын курган. 2) Ф р а н ц и я л ы к В.-И. компаниясы Ж. Б. Кольбердин демилгеси м-н түзүлүп, 1664–74-ж. иш жүргүзгөн. Алар Америкадан кант, пахта, кофе, какао, индиго алып чыгып, Африкадан негрлерди кулдукка алып келип турган. Компания Канаданы колонияга айландырууда чоӊ роль ойногон.