ВЕНЕСУЭЛА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:45, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕНЕСУЭЛА , В е н е с у э л а Б о л и в а р Р е с п у б л и к а с ы – Түш. Американын түн. бөлүгүндө жайгашкан өлкө. Түндүгүнөн Кариб

деӊизи ж-а Атлантика океаны м-н чулганат. Батышынан ж-а түш.-батышынан Колумбия, түштүгүнөн ж-а түш.-чыгышынан Бразилия, чыгышынан Гайана м-н чектешет. Аянты 916,5 миӊ км2. Калкы 29,0 млн (2020). Борбору – Каракас ш. Мамл. тили – испан тили. Акча бирдиги – боливар. В. 23 штаттан, Федерация округунан ж-а федерация ээликтеринен [Кариб деӊизиндеги аралдар тобунан (Лос-Рокес, Лос-Монхес, Лос-Эрманос, Лос-Тестигос ж. б.) ж-а аралдардан (Ла-Тортуга, Бланкилья, Орчила ж. б.)] турган федерация (таблица).
Таблица бар


Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006)

Мамлекеттик түзүлүшү


. В. – федерациялык мамлекет. Азыркы конституциясы 1999-ж. 15-декабрда кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет ж-а өкмөт (Министрлер Совети) башчысы – президент (6 жылга шайланат ж-а экинчи мөөнөткө кайра шайланууга укуктуу). Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу Улуттук ассамблея. Аткаруу бийлигин президент, вице-президент жетектеген өкмөт жүзөгө ашырат. Өкмөттүн курамын президент түзөт. В-да көп партиялуу система орун алган. Негизги саясий партиялары: Бешинчи Респ. үчүн кыймыл, Демокр. аракет, Социал-христиандык партия, Социализмге карай кыймыл, Коммунисттик партия ж. б.

Калкы


. Негизинен венесуэлалыктар (96%), о. эле актар (креолдор), негрлер, метистер м-н мулаттар, индейлер ж. б. жашайт. Калкынын жашынын орт. узактыгы: аялдарыныкы – 77,6, эркектериники – 71,3. Орт. жыштыгы 1 км2 жерге 32 киши. Христиан динин тутат. Шаар калкы 88,8% (2005). Ири шаарлары: Каракас, Маракайбо, Валенсия ж. б. Т́абияты. В-нын аймагынын 2/3 бөлүгүнө тоолуу рельеф мүнөздүү; батышын Колумбия Анд тоолорунун түн.-чыгыш тармактары, түндүгүн Кариб Анд кырка тоолору, түштүгүн Гвиана бөксө тоосу, борб. ж-а түн.-батыш бөлүктөрүн Льянос-Ориноко түздүгү ж-а Маракайбо ойдуӊу

Тоо аралык Кордильере-де-Мерида өрөөнү.

ээлейт. Өлкөнүн батыш чек арасын бойлой орто бийиктиктеги Сьерра-де-Периха кырка тоосу (бийикт. 3750 мге чейин) созулуп жатат. Маракайбо ойдуӊунун түш.-чыгыштан бийик Кордильера-де-Мерида кырка тоосу (Боливар чокусу, 5007 м – В-нын эӊ бийик жери), чыгыштан Фалькон-Лара бөксө тоосу (1990 мге чейин) чектеп турат. Ойдуӊдун борб. бөлүгүн ээлеген ири лагуна көлү – Маракайбо Венесуэла булуӊу м-н туташат. Негизинен платформалык, тоолоруна бүктөлүү структуралары мүнөздүү. В-да нефтинин, газдын, темир кенташтарынын ири запасы топтолгон. Нефтинин запасы б-ча дүйнөдөгү он өлкөнүн ичине кирип, Латын Америкасында 1-орунду ээлейт. Нефть-газдын 5 бассейни бар, алардын эӊ ирилери – Маракайбо, Ориноко бассейндери. Темир кенташтарынын запа-

Өлкөнүн океан жак жээги.

сы б-ча Латын Америкасында 2-орунда; анын ири кендери Карони д-нын алабында. Өнөр жайлык маанидеги көмүр кендери Тачира, Ансоатеги, Сулия штаттарында. Боливар штаттында жогорку сапаттагы бокситтин ири кени, Миранда ж-а Кохедес штаттарында никель кенташтарынын кендери бар. Алмаздын чачыранды кендери Карони ж-а Ориноко д-нын алаптарынан табылган. В-да о. эле жез, коргошун, цинк, марганец, алтын, ильменит ж. б. кендери бар. үздүктүү аймагынын басымдуу бөлүгүнө субэкватордук, сезондук нымдуу климат мүнөздүү. Жаанчыл сезон (инвьерно деп аталат) апрелден ноябрга, кургакчыл, ысык сезон (верано) ноябрдан апрелге чейин созулат. Жаан-чачындын жылдык өлчөмү 800–1200 мм, айлык орт. Темпрасы жыл бою анча өзгөрбөйт, 25–29°С. В-нын түн. бөлүгүнүн түздүктүү ж-а дөбө-дөӊсөөлүү жээгинин климаты субэкватордук, кургакчыл (жаан-чачыны 280–400 мм, жылдык орт. темп-расы 28°Сге жетет). Ориноко д-нын жогорку агымынын алабында ж-а Гвиана бөксө тоосунун ага караган капталдарындагы климат экватордук, дайыма нымдуу; жылдык жаан-чачыны 2500–3000 мм. Тоолоруна климаттын бийиктик алкактуулугу мүнөздүү. Айлык орт. темп-расы бийиктеген сайын төмөндөйт: 800–1200 м бийиктикте 18–22°С, 2500–3000 м бийиктиктен өйдө 10°Сден ашпайт. Жаан-чачындын жылдык өлчөмү айдарым капталдарда 3000–3500 ммге чейин жетсе, ал эми түш. ж-а түш.-батыш ылымта капталдары ж-а тоо аралык өрөөндөргө караган беттери кыйла кургакчыл. Кар чегинин бийиктиги Кордильера-де-Мерида тоолорунда 4700 м.
Дарыя тармагы өтө жыш; алар негизинен Ориноко д-нын алабына кирет, жайында ташкындап, жаанчыл сезондо жүздөгөн км2 аянтты каптап кетет. Ориноконун Гвиана бөксө тоосунан башталган оӊ куймаларынын (Карони, Каура ж. б.) нуктары босоголуу, шаркыратмалар көп; а. и. дүйнөдөгү эӊ ири шаркыратма – Анхель да бар. Өтө зор суу-энергетикалык потенциалынын бир аз бөлүгү гана пайдаланылат. Карони д-нда cуу-энергетикалык максатта курулган Гури суу сактагычы дүйнөдөгү 10 ири суу сактагычтын катарына кирет. В-нын түштүгүндө Түш. Американын эӊ ири эки суу системасы табигый туташат: Ориноконун жогорку агымында андан Касикьяре д. бөлүнүп, Амазонканын сол куймасы – Риу-Негруга кошулат. Өлкөдө 200дөн ашык көл бар; алардын эӊ ирилери: Маракайбо ж. б. көптөгөн лагуна-көлдөр, Кариб Анд тоолорундагы өрөөндө жайгашкан Валенсия көлү ж. б. Суу ресурстарынын 1% гана чарбада пайдаланылат.
В-нын аймагынын басымдуу бөлүгүнө кызыл ферраллит, түштүгүнө ж-а түш.-батышына кызгылт-сары ж-а сары ферраллит, көбүнчө күлдөшкөн, Ориноко д-нын өрөөнүнө, Маракайбо ойдуӊунун түш.-батыш бөлүгүнө гидроморфтук глей ж-а саз топурактары, Венесуэла булуӊунун жээктерине феррозём мүнөздүү. В-нын аймагынын 56%ин токой ээлейт; жыл сайын токой аянты 2,2 миӊ км2ге азаюуда. В-нын түштүгүн ж-а түш.-батышын гилей, Ориноко д-нын дельтасын ж-а Маракайбо ойдуӊунун түш.-ба-

Гвиана бөксө тоосу.

тыш бөлүгүн мезгил-мезгили м-н суу астында калган дайыма жашыл токой ж-а саз, жээктерин мангр токою ээлейт. Кордильера-де-Мерида, Кариб Анд тоолорунун ж-а Гвиана бөксө тоосунун капталдарына 800–1200 м бийиктикке чейин жалбырагын күбүүчү ж-а жалбырагын күбүүчү-дайыма жашыл токойлор (анакардиум, сейба же пахта дарагы, айдарым капталдарында дайыма жашыл токойдун баалуу дарактары, а. и. хинн дарагы, цедрел, воск пальмасы, папоротниктер, эпифиттер) мүнөздүү. Токойдон жогору (2200 мден өйдө) Кариб Анд тоолорунун кыры чөп өсүмдүктөрү жыш өскөн ж-а суйдаӊ бадалдуу шалбаа – субпарамос, Кордильера-де-Мериданын бийик бөлүктөрү кылкандуу ж-а жаздык сымал өсүмдүктүү парамос м-н капталган. Саваннанын ири массивдери Льянос-Ориноконун түздүктөрүндө кездешет.
В-да жалпы аянты 53,5 млн га болгон коргоого алынган 176 аймак бар (2005), а. и. Канайма (Бүткүл дүйнөлүк мураска катталган), Серрания-де-Неблина улуттук парктары.

Тарыхы


. Байыртан бери В-нын аймагын алгачкы жамааттык коомдун ар кайсы баскычында турган индей уруулары мекендеп келген. 1498-ж. бул аймак Колумб тарабынан европ-тар үчүн ачылган. «Венесуэла» аталышы «Кичи Венеция» дегенди билдирген. Бул мезгилде В-нын 16-к-дан испаниялык конкистадорлор В-ны колониялай баштап, жерг. урууларды кыра башташкан. Колонизаторлор бал камыш, пахта, тамеки плантацияларын түзүшкөн, бир катар шаарларды курушкан. Африкадан негр кулдарды алып келишкен. Испаниянын колониялык эзүүсү эл массасынын нааразылыгын пайда кылып, улуттук-бошт. кыймылын күчөткөн. 17-к-дын 2-жарымынан көтөрүлүштөр чыга баштаган. 1810-жылдан 1920-ж. чейинки улуттук-бошт. күрөштө В. Испаниянын эзүүсүнөн бошонгон. Испан колонизаторлоруна каршы согушту С. Боливар жетектеп, 1821-ж. англичандардын жардамы м-н Карабободо жеӊишке жетишкен. 1830-ж. толук көз каранды эместикке жетишкенге чейин В. Колумбия, Эквадор ж-а Панама м-н бирдикте Улуу Колумбиянын курамында келген. 1830-ж. өз алдынча көз каранды эмес мамлекет катары түзүлгөндөн

кийин, бир катар рев-яларды ж-а диктатураларды башынан өткөргөн. 19-к-дын 70-жылдарынан баштап В-га чет өлкөлүк капитал келе баштаган. Көбүнчө АКШ м-н Англиянын капиталы кирген. Нефтини өндүрүүнүн башталышы м-н өлкөдөгү социалдык-экон. абал бир кыйла жакшырган. Нефтини экспорттоонун ж-а АКШнын экон. жардамы аркасында 20-кдын экинчи жарымында В. эконом. жактан бир кыйла жогорулай баштаган. В. 2-дүйнөлүк согуш мезгилинде Германия, Италия, Япония м-н мамилесин үзүп, 1945-ж. февралда Германия м-н Японияга согуш жарыялаган. 1945-ж. октябрда мамл. төӊкөрүш болуп, бийликке демокр. аракет партиясы келип, баштагыдан бир кыйла демократиялуу конституция кабыл алган. 1948-ж. ноябрда амер. нефть монополиясы колдогон аскердик хунта төӊкөрүш жасап, бардык демокр. жеӊиштерди жок кылды. В-нын саясий ж-а экон. жактан АКШга көз карандылыгы күчөгөн. АКШнын 1956–57-ж. нефть чыгуучу 1 млн га жерди концессияга алышы, айрым социалдык катмарлардын, асыресе улуттук буржуазиянын нааразылыгын туудурган. Куралдуу көтөрүлүштүн натыйжасында 1958-ж. аскердик хунтанын башчысы Хименес бийликтен кулап, бурж. демократия калыбына келтирилди, саясий партиялар ачыкка чыкты. Р. Бетанкурдун өкмөтү (1959–64) АКШнын монополиялары м-н кайра келише баштаган. Президент Р. Леони (1964–68) Р. Бетанкурдун саясатын уланткан. Социал-христиан партиясынын (1946-ж. негизделген) өкүлү Р. Кальдеранын өкмөтү (1969–73) өлкөнүн улуттук мүдөөсүн сактоо үчүн бир катар чаралар жүргүзүп, экономикада мамл. сектордун ролун күчөткөн. Демокр. аракет партиясынын (1941-ж. негизделген) өкүлү К. Андрес Перес 1974-жылдын мартында президенттикке шайланды. 1975-ж. өкмөт нефть ж-а кен өндүрүү тармагын мамл. менчикке алган. 80-жылдардагы экон. ж-а финансы кризиси өкмөттү катуу үнөмдөө саясатын жүргүзүүгө мажбурлаган. 1988-ж. президент болуп дайындалган К. А. Перестин Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) тарабынан сунушталган либералдык методдордун жардамы м-н реформа жүргүзүү аракети баалардын өсүшүнө ж-а массалык жумушсуздукка алып келген. 1992-ж. 4-февралда подполковник У. Чавес жетектеген офицердик жашыруун уюмдун төӊкөрүш жасоо аракети ийгиликсиз аяктап, катышуучулары камакка алынган. Бирок венесуэлалыктардын өкмөттүн саясатына каршылык көрсөтүүсү улантыла берген. 1993-ж. президент Перес коррупцияга аралашкан деп күнөөлөнүп, парламенттин чечими м-н бийликтен четтетилген. Андан кийин президенттикке шайланган К. Родригестин өкмөтүнүн өлкөнү кризистен чыгаруу аракети да натыйжа алып келген эмес. 1998-ж. президент болуп У. Чавес шайланган. 2000-ж. өлкөнүн аталышы Венесуэла Боливар Респ. (С. Боливардын урматына) деп өзгөртүлгөн. У. Чавестин өкмөтү эконом. ж-а социалдык чөйрөдө мамлекеттин ролун бекемдөө саясатын жүргүзүп, агрардык реформа башталган. 2002-ж. апрелде Чавестин каршылаштары мамл. төӊкөрүш жасоого аракеттенишип, бирок калктын массалык каршылыгына дуушар болушкан. 2005-жылдан ал өлкөдө «венесуэлалык социализмди» курууну камсыз кылууга багытталган социалдык ишканалар деп аталган ишканаларды түзгөн. Эл аралык аренада Чавестин өкмөтү АКШнын Кубаны блокадалоосуна каршы чыгып, мамлекеттердин ортосундагы теӊ укуктуу мамилелерди орнотуу үчүн чыгууда. 2005-жылдын 5-декабрында Улуттук ассамблеяга болгон шайлоодо Чавести колдогон патриоттук күчтөр Бешинчи респ. үчүн кыймылга биригишип, 89% (167 орундун 114ү) добушка ээ болуу м-н ишенимдүү жеӊишке жетишишти. 2009-ж. В-да өткөн референдумда өлкөнүн конституциясына өзгөртүүлөр киргизилип, Уго Чавес «венесуэлалык социализмди» куруу, жакырчылыкка, коррупцияга каршы күрөшүү, сабатсыздыкты жоюу ж. б. иш-чараларды жүзөгө ашыра баштаган. 2013-ж. У. Чавес көз жумган соң, өлкөнүн президенттигине Николас Мадуро шайланган. Н. Мадуро бийликке келгенде өлкөнүн ички дүң продукциясы (ИДП) 1,6%ке өскөнү м-н инфляция жогору (56,3%) бойдон калган. Өлкөдө кант, өсүмдүк майы, кагаз ж. б. товарлардын тартыштыгы пайда болгон. В-да 2014-жылдан баштап эле Н. Мадуронун саясатына каршы демонстрациялар ж-а нааразычылык акциялары башталган. Мадуронун өкмөтү демонстрацияларга тыюу салган. 2016-жылдын 2-майында оппозиция өкүлдөрү президент Мадурону бийликтен кетирүү максатында референдум өткөрүүнү өтүнүшүп, бийликке кайрылышкан. 11-июнда В-нын президенти Н. Мадуро м-н опозициянын ортосунда тирешүү күчөгөн. 2017-ж. 30-июлда Мадуронун жарлыгы м-н Улуттук Ассамблеяга шайлоо болуп, анын жыйынтыгы өлкө ичинде нааразычылыктар м-н коштолгон. Өлкөдөгү түзүлгөн кризистик кырдаалга байланыштуу 2018-жылдын 20-майында мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөн. Оппозиция шайлоого бойкот жарыялаган. Шайлоодо Н. Мадуро жеңген, бирок шайлоо бурмаланды деген шылтоо м-н Батыш өлкөлөрү ж-а Латын Америкасынан Аргентина, Бразилия ж-а Канада баш болгон он төрт өлкөсү Каракастагы элчилерин чакыртып алган. АКШ болсо В-га кошумча экон. санкцияларды киргизген. Шайлоонун жыйынтыгын Россия, Сальвадор, Куба ж-а Кытай мамлекеттери тааныган. Н. Мадуро кызмат мөөнөтү 2025-ж. аяктаганга чейин иштей тургандыгын жарыялаган.

Экономикасы.


Ички дүӊ продукциясынын (ИДП) көлөмү 204,2 млрд долларды түзөт; аны киши башына бөлүштүргөндө 7,3 миң доллардан туура келет. ИДПнин реалдуу өсүүсү 8,3% (2005). Өнөр жайы ИДПнин – 48,2%ин, тейлөө чөйрөсү – 47,2%ин, айыл ж-а токой чарбалары, балык уулоо – 4,6%ин түзөт (2005).
В-да нефть ж-а нефть продуктуларын, темир кенташынын концентраттарын, болот, боксит, глинозём ж-а алгачкы алюминийди өндүрүү өнүккөн; аларга караганда машина куруу, жеӊил ж-а токой өнөр жайлары артта калган. Туризм, айрыкча пляж туризми активдүү өнүккөн (жылына 600 миӊден ашуун турист келет; туризмден түшкөн киреше 700 млн долларды түзөт). В-нын эӊ жакшы пляждары Кариб деӊизинин жээгинде, Ла-Гуайра аймагында жайгашкан.
В-нын экономикасынын негизин – нефть өнөр жайы түзөт. Нефть өндүрүү б-ча Латын Америкасында 2-орунда (Мексикадан кийин), дүйнөдө 6–8-орунда. Нефть куур аркылуу Венесуэла булуӊундагы деӊиз портторуна ташылат. Нефть иштетүүчү з-ддорунун кубаттуулугу б-ча (59 млн тдай) В. Латын Америкасында Бразилия м-н Мексикадан кийин 3-орунда турат. Табигый газ өндүрүү б-ча В. Латын Америкасында 3-орунда (Мексика м-н Аргентинадан кийин) турат. В. көмүрдүн запасы б-ча Латын Америкасында

«Гури» ГЭСи.

экинчи (Колумбиядан кийин), көмүр казып алуу б-ча үчүнчү (жылына 8,5 млн тдай; Колумбия м-н Бразилиядан кийин) орунда. Көмүрдүн басымдуу бөлүгү экспортко чыгарылат. В-нын электр-энергетика тармагы өнүккөн. Электр станцияларынын кубаттуулугу 21,23 МВт (2002). 2004-ж. 87,6 млрд кВт . с электр энергиясы өндүрүлгөн, анын пайдаланылганы 81,5 млрд кВт. с электр энергиясынын 65%ке жакыны ГЭСке таандык. Өнөр жайынын негизги тармактарынын бири – кара металлургия. В-да темир кенташтарынын ири запасы бар. Алар негизинен ачык жол м-н карьерден казып алынат. Түстүү металлургияда боксит ж-а алюминий өндүрүлөт. Химия өнөр жайынын негизги тармагы – нефть-химия. Ири нефть-химия комплекстери: Эль-Табласо (Сулия штатында, пластмасса, жер семирткичтер), Ансоатеги (Ансоатеги штатында, метанол), Морон (Карабобо штатында жер семирткич, күкүрт к-тасы, жардыргыч заттар). Башка тармактардан фармацевтика, парфюмерия-косметика, фотохимия өнүккөн. Машина куруу өнөр жайынын тармактары – жеӊил машина куруу (негизинен автомобиль кураштыруу, автомобиль кыймылдаткычтарын ж-а тетиктерин жасоо), трактор куруу, электр-тех. жабдуулары, а. ч. техникасы, аспаптарды ж-а тиричилик электр-приборлорун өндүрүү. Тамак-аш, текстиль, булгаары-бут кийим, жыгаччылык ж-а эмерек өнөр жай тармактарына жалпы өнөр жай наркынын 1/3и туура келет.
Өлкөнүн жалпы аянтынан 24,6%ин а. ч-га жарактуу жери түзсө, а. и. 14,8% – айдоо аянты, 3,2% – бак-дарактар, 82,% – жайыт. Айдоо жерлеринин 2/3си өлкөнүн көтөрүӊкү ж-а тоолуу түн. бөлүгүндө жайгашкан. А. ч-нын негизги товардык өсүмдүктөрү: кофе, какао, бал камыш. Көтөрүӊкү ж-а тоолуу аймактарда ак жүгөрү, маниок, ямс, картошка, төө буурчак ж-а буурчак, жашылча, банан, кокос пальмасы (Кариб деӊизинин жээгинде), цитрус өсүмдүктөрү, ананас, манго, папайя ж. б. өстүрүлөт.
Мал чарбасынын негизги тармагы – уй чарбасы (айрыкча эт багытындагы;) негизинен Льяностун табигый өскүлөӊ чөп өсүмдүктүү жайыттарында өнүккөн. Валенсия көлүнүн ойдуӊуна – эт-сүт багытында уй чарбасы мүнөздүү. Өсүмдүк өстүрүүчүлүк мүнөздүү райондордо, ири шаарлардын тегерегинде чочко ж-а үй куштары, дөбө-дөӊсөөлүү ж-а тоолуу жайыттарда кой, эчки асыралат.
Балык (жылына 0,5 млн тдай; макрель, кефаль, сардина, тунец, сельдь, деӊиз окуну) Кариб деӊизинин жээк сууларынан, лангуст ж-а краб Кариб деӊизинен, креветка (негизинен экспорттолот) – Венесуэла булуӊунан кармалат.
Транспорттун негизги түрү – автомобиль. Автомобиль жолунун жалпы уз. 96,2 миӊ км, а. и. 32,3 миӊ км асфальтталган (2004). Негизги автомагистралдары (Баркисимето – Валенсия – Маракай – Каракас – Лос-Текес; Барселона – Эль-Тигре) өлкөнүн түндүгүндөгү ири шаарларды бири-бири м-н, деӊиз портторун (Каракас – Ла-Гуайра, Баркисимето – Пуэрто-Кабельо ж. б.), о. эле өлкөнүн чыгыш бөлүгүндөгү ири борборлорду Сьюдад-Боливар Сьюдад-Гуаяна шаарлар м-н байланыштырат. Темир жолу начар өнүккөн; анын уз. 682 км (2004). Деӊиз транспорттору аркылуу (сырткы сооданын 90%тен ашыгы) сыртка нефть ж-а нефть продуктулары, кенташ концентраттары ж-а металлдар ташылат. Тармактанган куур транспорту бар: нефть куурунун уз. 6370 км, нефть продуктуларыныкы 480 км, табигый газдыкы 4010 км. Өлкөдө 369 аэропорт бар (2004). Ири 10 эл аралык аэропорту – Майкетия, Валенсия, Баркисимето, Маракайбо ш-нда жайгашкан.
Экспортунда нефть ж-а нефть продуктулары, металл (болот, алюминий), хим. товарлар басымдуу; о. эле минералдык сырьёлор, а. ч. продукцияларынан тропик мөмө-жемиштери (манго, ананас), кофе, какао, кант чыгарылат. Негизги сатып алуучулары: АКШ, Колумбия, Мексика, Эквадор. Импортук өнөр жай жабдууларын, хим. товарларды, транспорт каражаттарын, азык-түлүк ж-а өсүмдүк продукцияларын, кагаз ж. б-ды, АКШдан, Бразилиядан, Колумбиядан, Германиядан, Япониядан алат.

Маданияты


. В-да жашаган индейлердин байыркы иск-восунан таш ж-а аска бетине түшүрүлгөн ар түрдүү айбанаттар м-н адамдардын келбетин чагылдырган сүрөттөр сакталган. 16–18-к-да кооз 3-нефттүү төбөсү жыгач чиркөөлөр, жыгач балкондуу, бышкан кыш, таштан салынган үйлөр, шаарлар курула баштаган. 20-к-дын ортосунда азыркы арх-ралык стилдеги комплекстүү жаӊы райондор, ансамблдер пайда болгон. 19-к-да портреттик, жанрдык ж-а тарыхый сүрөттөр (М. Товар-и-Товар, А. Мичелена, Т. Салас) ж-а скульптура (М. Гонсалес) өнүккөн. 20-кдагы В. иск-восундагы реализм Т. Саластын тарыхый сүрөттөрүнөн, Ф. Брандт, Р. Монастерьос, А. Реверондордун пейзаждарынан, П. А. Гонсалестин графикасынан айкын көрүндү. Живописчи Э. Полео, скульптор Ф. Нарваэс элдик стилдеги образдарды жаратышкан. 20-к. аягы – 21-к-дын башында В. иск-восунда графика, карапа чоӊ мааниге ээ боло баштаган.
1600-ж. Каракаста биринчи театрлаштырылган оюн коюлган. 17-к-да шаардын аянттарында ж-а чиркөөлөрдө оюндар көрсөтүлгөн. Биринчи театр имараты 1784-ж. Каракаста салынган. 17–18-к-да көбүнчө Лопе Ф. де Веги Карпьо, П. Кальдерон де ла Барки ж. б. испан драматургдарынын пьесалары коюлган. Вольтер, Мольер, Р. Б. Шеридан ж. б. Авторлордун пьесалары которулган. 1853-ж. биринчи жолу Маракайбодо венесуэлалык автордун «Уятсыз,

Венесуэла акчасы.

сараӊ жана жалкоо» деген комедиясы коюлган. Х. А. Майтиндин, Х. Помптун, Р. Агатинин драматургиясы романтизм агымында калыптанган. 20-к-дагы театр турмушу муз. комедия жанрынын гүлдөшү м-н байланыштуу. 1938-ж. драматургиясынын негиздөөчүсү С. Ренхифонун «Эл эмне үчүн ырдайт» драмасы жарык көргөн. 1952-ж. Ренхифо «Маскарас» труппасын уюштуруп, реж. катары чыккан. В-нын театр турмушунда Венесуэла театр ассоциациясынын (1954) уюштурулушу чоӊ мааниге ээ болгон. 1984-ж. Каракаста мамл. театр – Улуттук драма труппасы – И. Чокрондун жетекчилиги м-н уюштурулган. 1983-ж. Каракаста «Сесар Ренхифо» Улуттук сахна иск-восунун мектеби ачылган. 1959-жылдан Улуттук театр фестивалдары, 1978-жылдан эл аралык театр фестивалдары өткөрүлгөн.
1909-ж. В. биринчи кыска метраждуу «Каракастагы карнавал» фильми, 1913-ж. толук метраждуу «Камелия кармаган аял» фильми тартылган. Биринчи үндүү фильмдери – «Табога» (1937), «Жарылуу» (1939). Фильмдердин арасынан аргентиналык ж-а түн.-амер. үлгүдөгү, курч мүнөздөгү «Көчөдөн келген Хуан» фильми (1941) өзгөчөлөнүп турат. 1948-ж. б. латын амер. өлкөлөр м-н бирдикте «Боливар фильм» студиясы уюштурулган. «Шайтан – бул периште» (1949) ж-а «Исабель» яхтасы бүгүн кечинде келет» (1951 Канныдагы Эл аралык кинофестивалдын сыйл.) фильмдери тартылган. М. Перес Хименестин диктатурасынын мезгилинде (1952–58) В. киносу тереӊ кризиске учураган. 1958-ж. реж. М. Бенасерраф жумушчулар тууралуу «Арайя» (Канныдагы Эл аралык кинофестивалдын сыйл.) даректүү фильмин тарткан. 1963-ж. улуттук кинонун биринчи фестивалы өткөн. 1960-ж. бир топ режиссёрлор өлкөнүн турмушу ж-дө маанилүү маселелерди козгогон фильмдерди

«Хуан Висенте Гомес ж-а анын заманы» фильминен кадр.
Режиссёру М. де Педро. 1975.

тартышкан. «Сизди караган шаар» ж-а «Балдар айтпайт» (реж. Х. Э. Гедес, 1966, 1968), «Каракастын элеси» (реж. Х. Борхес, 1968), «Венесуэла» (реж. Х. Соле, 1969) ж. б. Эл аралык мааниге ээ болгон фильмдер: «Үйлөнүү тою» (реж. Т. Урхельес, 1982), «Мен келатам» (реж. Ф. Рубартелли, 1984), «Айтып койгула, мени өлтүрүшпөсүн» (реж. Ф. Сисо, 1984) ж. б. 20–21-к-дын башындагы белгилүү режиссёрлору: К. Отейса («Жүрөк үнү», 1995), А. Альверо Мендос («Бир өмүр жана эки тапшырма», 1996), Д. Рискес («Мануэла Саенс», 2000), Э. Шнайдер («Чек арадагы чекит», 2004).
Ад.: Лукашова Е. Н. Южная Америка. М., 1958. Культура Латинской Америки. М., 2000; Деловая Венесуэла: Экономика и связи с Россией. М., 2002, Т. 1.