ВЕНЕРОЛОГИЯ
ВЕНЕРОЛ́ОГИЯ ( лат. venus – сүйүү кудайы ж-а ...логия) – медицинанын венера ооруларынын пайда болуу себептерин, таралуусун, диагностикасын ж-а клиникалык өөрчүшүн изилдөөчү, о. эле аларды дарылоо ж-а алдын алуу жолдорун иштеп чыгуучу бөлүмү. В. дерматология ж. б. мед. илимдер м-н тыгыз байланыштуу. Көп убакыт котон жара м-н сүзөктү бир оору деп эсептешкен. 1879-ж. немец венерологу А. Нейссер сүзөк козгогучун – гонококкту таап, анын өзүнчө оору экенин аныктаган. 1905-ж. немис илимпоздору Ф. Шаудин ж-а Э. Гофман котон жара козгогучу – спирохетаны табышкан. Венера ооруларынын козгогучтарынын биологиясын изилдөөгө орус окумуштуу А. Я. Виленчук, амер. окумуштуулар Х. Э. Мортон, Т. Ф. Андерсон, Р. А. Нельсон, фр. окумуштуу Ф. Жанель, англ. окумуштуу А. Уилсон ж. б. өз эмгектерин арнаган. Сов. окумуштуу Н. М. Овчиников электрондук микроскоптун жардамы м-н спирохетталар, лептоспирлер ж. б-дын өсүшү м-н түзүлүшүнүн өзгөчөлүгүн ачкан. Котон жарадан ички органдардын, нерв системасынын жабыркоосун диагноздоо ж-а дарылоо өзгөчөлүгү, котон жараны диагноздоо үчүн жаӊы иммундук флюоресценция реакциясы иштелип чыккан ж-а практикага киргизилген.