ГАБЕН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАБЕ́Н Жан (өз аты-жөнү – Жан Алекси Монкорже) (17. 5. 1904, Мериэль, Париж –15. 11. 1976, Нёйисюр-Сен) – француз киноактёру, ырчы, сценарист, музыкант. «Ардак легиону» сыйл. м-н сыйланган (1960). 1923-жылдан эстрада бийчиси, оперетта ырчысы, киного 1931-жылдан тартылган. Фильмдерде жөнөкөй жумушчулардын, коомдон куугунтук жегендердин, жайдары мүнөз, кайраттуу каармандардын ролдорун аткарган, о. эле турмушка акылмандык, сабырдуулук м-н караган, тажрыйбалуу, жөнөкөй адамдардын образдарын түзгөн. Белгилүү ролдору: машинист Раймон («Менин дүйнөм – түн», 1951), банкир Ноэль Шудлер («Бул дүйнөнүн даркандары», 1958), жумушчу Неве («Прери көчөсү», 1959), фермер Огюст («Героин», 1970). «Париж аркылуу» (1956), «Архимед селсаяк» (1959), «Мышык» (1971), «Доминичинин иши» (1973) фильмдерде Г. актёрдук чеберчилигин көрсөткөн. Франциянын улуттук сыйлыктарына, эл аралык кинофестивалдардын байгелерине ээ болгон.