ГАБСБУРГДАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАБСБУРГДАР – 1282–1918-ж. Австрияда, 1526–1918-ж. Чехияда ж-а Венгрияда (1867-жылдан Австрия-Венгрияда), 1516–1700-ж. Испанияда ж-а ага караган аймактарда бийлик жүргүзгөн династия; «Ыйык Рим империясынын» императорлору (1742–45-жылдардан сырткары 1438–1806-ж. туруктуу башкарып келген). Г. тукуму Жогорку Эльзастагы Гунтрам Богатыйдан (10-к-дын ортосу) таркалган деп болжолдонот. 1090-жылдан Г. – графтар, 1135-жылдан Ортоӊку Швейцариянын ландграфтары титулун алышкан (1020-ж. Швейцариянын Ааргау жеринде Habsburq сепилин курушкан, династия ушундан улам аталган). Карл Vнин учурунда (16-к-дын башында) эбегейсиз зор аймактар (Германия, Австрия, Нидерланд, Италиянын бөлүгү, Испания ж-а анын Америкадагы колониялары) Г. бийлигине баш ийишкен. 1556-жылдан кийин Г. а в с т р и я л ы к ж-а и с п а н и я л ы к деген эки бутакка бөлүнүп кеткен. Г-дын эӊ акыркы өкүлү Карл I Австрия-Венгрияны бийлеп турган (1916–18) учурда Австрия-Венгриянын 1-дүйнөлүк согушта жеӊилүүсү ж-а бурж. рев-янын жеӊип чыгышынан улам ал тактыдан баш тарткан. 1919-ж. 3-апрелде Австриянын Уюштуруу чогулушу тарабынан кабыл алынган Г-ды бардык укуктарынан ажыратуу, алардын мүлкүн конфискациялоо ж-а Австриянын аймагынан чыгарып жиберүү тууралуу мыйзамдын негизинде Г. тактан ажырап (1918), монархия кулаган. Белгилүү өкүлдөрү: Карл V, Филипп II, Мария Терезия, Иосиф II, Франц Иосиф I.