ГАВАЙЛЫКТАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:13, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАВАЙЛЫКТАР – АКШдагы полинезия эли, Гавайи а-ндагы жерг. калк. Жалпы саны 401,2 миӊ киши, а. и. таза кандуу Г. 1 миӊдей, калгандары – гавайи-азиялык, гавайи-амер. ж-а гавайи-европ. аргындар (2000). Гавай а-нда 239,7 миң адам, Калифорнияда 60,1 миң адам жашайт. Гавайи, о. эле пиджин-инглиш (гавайи вариантындагы англис тили) тилинде да сүйлөшөт. Дини негизинен протестанттар ж-а католиктер. Гавайи а-на европ-тар келген мезгилде (1778) калктын саны 300 миӊдей болгон. Чоӊ-чоӊ үй-бүлөлүк жамааттар (охана) жашап, 2 социалдык катмарга бөлүнгөн: ак сөөктөр («тектүү») ж-а общинниктер (макааинана). Айрым аралдарда аскерлерге (кошуун) таянган жамаат башчылары бийлик жүргүзүп, алгачкы мамл. түзүлүш калыптанган. Г-дын жашоосу диндик-социал. үрп-адат ж-а салттар (табу) аркылуу жөнгө салынып турган. Салттуу чарбасы: дыйканчылык (банан, бал камыш, батат, таро, ямс ж. б.), балык кармоочулук, мал чарбачылык. Кеме куруу, буладан (тапа) көркөм буюмдарды, куш канатынан плащ, шлем ж. б. жасоо жогорку деӊгээлде өнүккөн. 18-к-дын аягында европ., амер. колониячылар, айрыкча АКШ Гавайи а-н басып алгандан кийин калктын саны өтө тез азайып, мад-ты кыйраган. Г-дын европ-тар, амер. ж-а азиялыктар м-н аралашуусунан аргындар пайда болуп, алардын бир бөлүгү гавайи тилин ж-а мад-тынын айрым элементтерин сактап калган. Учурда Г-дын көпчүлүгү шаарда жашашып, тейлөө тармактарында иштешет. Г-дын арасында гавайи мад-тын кайра жаратуу ж-а сактоо аракеттери күч алууда.
Ш. Керимова.