ГАВАНА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:13, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАВА́НА (La Hаbаnа) – Куба Респ-нын борбор шаары; өлкөнүн экон., ил. ж-а маданий борбору. Өз алдынча адм. бирдикти – провинцияны түзөт. Куба а-нын түн.-батыш бөлүгүндө жайгашкан. Калкы 2,1 млн (2017). Шаар аркылуу Альмендарес, Луяно ж-а Кохимар д. агып өтөт. Өлкөнүн башкы порту (океан кемелери кире алат; контейнер терминалы). Хосе Марти эл аралык аэропорту бар. Темир ж-а автомобиль жолдор тоому. Металлургия комбинаты, машина куруу (КамАЗ, темир жолу үчүн техникаларды), вагон ж-а кеме ремонттоо, нефть ажыратуу, хим., фармацевтика, тамак-аш–татымал (ром), текстиль, булгаары-бут кийим, полигр. өнөр жай ишканалары иштейт. Бал камыш ж-а цитрус өсүмдүктөрү иштетилет. Ун-т, ил.-из. ин-ттары (а. и. тропика медицинасы, гигиена, эпидемиология ж-а микробиология, кибернетика ж. б.), ИА, дүйнөлүк экономиканы, демографияны ж-а деӊизди изилдөө борборлору бар. 1515-ж. аралдын түш. жээгинде негизделип, 1519-ж. азыркы ордуна көчүрүлгөн. 16-к-дын

Шаардын борбордук бөлүгү.

аягынан Куба а-ндагы Испания ээлигинин адм. борбору. 1762–63-ж. Улуу Британия тарабынан, 1898-ж. Испания – Америка согушунда АКШ тарабынан басып алынган. 1902-жылдан Куба Респ-нын борбору. Г. – индей-сибондордун тилинде «чоӊ жаа» дегенди түшүндүрөт. Батыш жарым шардагы эӊ кооз шаарлардын бири. Шаардын тарыхый борб. бөлүгү Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Улуттук музей, Э. Хемингуэйдин үй-музейи, театрлар, чиркөөлөр, монастырлар, 16–18-к-дын арх-ралык курулуштары, а. и. кафедралуу аянт собору м-н (18-к.) сакталган. Эл аралык кино (1979-жылдан жыл сайын), балет (1960), жаз музыка фестивалдары, карнавалдар (жыл сайын январда) өткөрүлүп турат. Ботан. бак, улуттук зоология багы, Экспо-Куба көргөзмө комплекси уюштурулган. 2002-ж. Куба спортунун 1-олимпиадасы өткөрүлгөн. Туризм өнүккөн (75ке жакын мейманкана бар). ЖЭС иштейт.