ГАВСИДИНОВ Гиясидин
ГАВСИДИНОВ Гиясидин (1927, Өзбекстан, Анжиян обл., Аим р-ну, Дардак айылы – 1979,

Ош обл., Кара-Суу р-ну, Кызыл-Шарк айылы) – пахтакер, Соц. Эмг. Баатыры (1951). Эмгек жолун Ош обл-нун Кара-Суу р-нундагы «Кызыл-Шарк» колхозунда колхозчу болуп иштөөдөн баштаган, 1945-жылдан бригадир болгон. 1950-ж. анын бригадасы 49 га пахта аянтынын ар гектарынан 47 цден түшүм жыйнап алган. Ленин, эки Эмгек Кызыл Туу ордендери м-н сыйланган.