ГАЖИБЕКОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:13, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАЖИБЕКОВ Узеир Абдул Гусейин оглы [6(17). 9. 1885, Шушага жакын Агжабеда кыш. – 23. 11. 1948, Баку] – композитор, дирижёр, музыка таануучу, публицист, драматург, педагог ж-а коомдук ишмер, азербайжан профессионал музыкасына негиз салган. СССР эл арт. (1938), Азербайжан ССР ИАнын академиги (1945). СССР мамл. сыйл. лауреаты (1941, 1946). Москва филармониясында ж-а Петербург консерваториясында окуган. Анын туӊгуч операсы «Лейли-Мажнун» (1908) азербайжан музыкасына жаӊы багыт берген. Ал «Рустам-Зухраб» (1910), «Асли-Керем» (1912), «Көр уулу» (1937) операларын, «Эрди-катын» (1909), «Аршин мал алан» (1913) муз. комедияларын, Азербайжан ССР мамл. Гимнинин музыкасын (1945) жазган. Композитор кантаталары, увертюралары м-н азербайжан симф. музыкасына

зор үлүш кошкон, азербайжан эл аспаптар оркестри үчүн ыр, хор ж. б. чыгармаларды жараткан. СССР Жогорку Советинин 1–2-шайланышынын депутаты. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган. А. Малдыбаев атн. Кыргыз улуттук опера ж-а балет театрында «Аршин мал алан» муз. комедиясы ийгилик м-н коюлган.
Ад.: Виноградов В. Узеир Гаджибеков и азербайджанская музыка. М., 1938; Аббасов А. Узеир Гаджибеков и его опера «Кёр-оглы». Баку, 1966.