ГАЗ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАЗ (фр. gaz, гр. chfos – башаламан) – заттын бөлүкчөлөрү эркин кыймылдап, бири-бири м-н байланышпаган же өтө начар аракетте болуп, өзүнө берилген көлөмдү толук ээлеген агрегаттык абалы. Табиятта Г. абалындагы заттар кеӊири таралган. Ал Жер атм-сын түзөт, катуу тоо тек ж-а суюктуктардын курамына кирет. Күн, жылдыздар ж-а жылдыз аралык заттар бейтарап ж-а иондошкон Г-дан (плазмадан) турат. Газ идиш көлөмүн толук ээлейт. Катуу ж-а суюк заттан айырмаланып, анын көлөмү темп-ра ж-а басымга көз каранды болот. Г-дын физ. касиеттери катуу ж-а суюк абалдагы заттардан айырмаланат. Магниттик касиети б-ча Г. диамагниттүү ж-а парамагниттүү болуп бөлүнөт. Бардык катуу ж-а суюк заттар басым ж-а темп-раны өзгөртсө, Г. абалына өтөт. Туруктуу басым учурунда катуу зат Г. абалына өтүүдөн мурда суюк абалга (эрүү), андан кийин Г. абалына (буулануу) өтөт. Жер шарына кеӊири таралган Г. – аба. Бийиктик өскөн сайын анын тыгыздыгы төмөндөйт. Тыгыздыгы төмөн Г-да молекулалардын кош урунуулары көп. Суюлтулган Г-да молекулалар аралык тартылуу күчү басымдуулук кылып, Г. кысылууга каршылык көрсөтөт. Темп-ра жогорулаганда молекулалардын урунуу саны көбөйүп, түртүлүү күчү басымдуулук кылат. Молекулалар аралык түртүлүү ж-а тартылуу күчтөрү теӊ салмактагы темп-ра Бойль темп-расы деп аталат. Газ абалын мүнөздөөчү теӊдемелер: идеалдуу газдар үчүн Менделеев – Клайперондун pv=RT теӊдемеси, мында v – газдын көлөмү, p – басымы, Т – абс. темп-ра, R – газдын универсал туруктуу саны; реалдуу газдардын абалы Ван-дер-Ваальс теӊдемеси P v b RT v a ( 􀀎 )( 􀀐 ) 􀀠 2 м-н аныкталат, мында а ж-а b – реалдык газдардын касиеттерин мүнөздөөчү туруктуу чоӊдуктар. Реалдык Г-дын ички энергиясы идеалдуу Г-га караганда дайыма чоӊ. Анткени реалдык Г-дын молекулалары кинетикалык ж-а потенциялык энергияга ээ. Молекулалар аралык аракеттешүүдө көӊдөй тоскоолдук аркылуу турактуу кичине ылдамдык м-н өткөн реалдык Г-дын темп-расынын өзгөрүшү молекулалар аралык аракеттешүү м-н шартталат. Бул эффект оӊ (Г. муздайт), терс (Г. ысыйт) ж-а нөлгө барабар. Г-дын касиетинин негизинде метеор, самолёт, снаряд, спутник ж. б-дын атм-дагы кыймылы изилденет (к. Газ динамикасы). Металлдардагы эркин электрондордун тобу болгон электрондук Г., кристаллдагы фонондордун жыйындысы ж-а суюк гелий фонондук Г. деп эсептелет. Элементардык бөлүкчөлөрдүн ж-а квазибөлүкчөлөрдүн тобу да Г. катары каралат.
Ад.: Гиршфельдер Ж., Кертисс Ч., Берд Р. Молекулярная теория газов и жидкостей/Пер. с англ. М., 1961; Кикоин А. К., Кикоин И. К. Молекулярная
физика. М., 1976.