ГАЗАН-ХАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАЗАН-ХАН Махмуд (4.11.1271, Иран, Абаскун –17.5.1304) – 1295-жылдан Ирандын башкаруучусу, ильхан (хан), монголдордун Хулагу династиясынан чыккан. Хорасан, Мазендаран ж-а Рей аймактарында наместник болуп тур-
ганда ильхан Байдуга каршы чыгып, хандык тактыны ээлеген. Жаш кезинен буддизм дининин таасиринде тарбиялангандыгына карабастан, Иран ак сөөктөрүнүнүн, мусулмандык диний төбөлдөрдүн ж-а көчмөн монгол ак сөөктөрүнүн бир бөлүгүнүн колдоосуна ээ болуш үчүн ислам динине өтүп, аны Ирандын мамл. дини деп жарыялаган. Вазири Рашид ад-Диндин жардамы м-н админ. ж-а экон. реформаларды жүргүзгөн. 1303-ж. кошуунуна кирген бардык монголдорго аскердик кызмат өтөгөндүгү үчүн жер (икта) бөлүп берүү тууралуу жарлык чыгарган. Г. тушунда Тебризге жакын жерде обсерватория ж-а оорукана, каналдар курулган. 1299–1303-ж. Сириядагы мамлюктарга каршы уюштурган жүрүштөрү ийгиликсиз аяктаган.