ГАЗБАЛЛОНДУУ АВТОМОБИЛЬ
ГАЗБАЛЛОНДУУ АВТОМОБИ́ЛЬ —кыймылдаткычы кысылган же суюлтулган күйүүчү газ м-н иштөөчү автомобиль. Кысылган газ – жаратылыш газы м-н нефтини кайра иштетүүдөн алынат. Г. а-дин башка автомобилдерге салыштырганда артыкчылыгы: кыймылдаткычтын тетиктери аз жешилет; майлоочу май көпкө чыдайт; кысуу даражасын чоӊойтуу аркылуу кыймылдаткычтын кубаттуулугун жогорулатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ; күйүүчү суюктук аз жумшалат, баасы төмөн, иштелип чыккан газдын зыяндуулугу аз. Г. а-ди пайдалануу газ толтуруучу станция тармактарын түзүү м-н байланышкандыктан, бул тармак жакшы өнүкпөй келет. Алгачкы констр. 1930-жылдын башында жасалган, ал эми 1939-жылдан баштап кысылган газ, 1953-жылдан суюлтулган газ м-н иштөөчү Г. а. чыгарыла баштаган. Г. а. универсалдуу (газ ж-а бензин м-н иштейт) ж-а атайын (жалаӊ газ м-н иштейт) болуп бөлүнөт. Суюлтулган метан кузовдогу төмөнкү темп-раны кармоочу муздаткыч булагы (мис., бат бузулуучу тамак-аш продукцияларын ташуу учурунда) ж-а бир эле убакта кыймылдаткыч үчүн күйүүчү отун катары пайдаланылат.