ГАЗ ГЕНЕРАТОРУ
ГАЗ ГЕНЕРАТОРУ (газ ж-а лат. generator – өндүргүч) — катуу ж-а суюк отунду күйүүчү газга айландыруучу аппарат. Г. г-нун ички капталы отко чыдамдуу материалдан жасалган цилиндр түрүндөгү шахта болуп, жогору жагына жагылуучу отун толтурулуп, тор м-н тосулат. Төмөн жагынан аба же суу буусу, буу м-н кошо кычкылтек аралашмасы же көмүр окиси м-н үйлөтүлөт. Булардын таасиринен отун реакцияга кирип ажырап, андан аба газы, аралашма газ, буу-кычкылтек газы ж-а регенерацияланган газ пайда болот. Отундун күйүп бүткөн бөлүгү тордон өтүп, күл тоскучка чогулуп, андан сыртка чыгарылат. Пайдаланылышына жараша Г. г. орнотулган ж-а көчмө болуп бөлүнөт. Орнотулган Г. г. жылуулук станцияларында, өнөр жай орнотмолорунда ж-а технол. линияларда жагыла турган күйүүчү газды иштеп чыгаруу үчүн колдонулат. Көчмө Г. г. – автомобилге, тракторго орнотулуп, күйүүчү газды иштеп чыгаруу үчүн пайдаланылат.