ГАЗГОЛЬДЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАЗГО́ЛЬДЕР (газ ж-а англ. holder – кармагыч) – газды кабыл алып, сактап, иштетүү же колдонуу үчүн бөлүштүрүп берүүчү туруктуу же көчмө курулма. Г. өзгөрүлмөлүү (нымдуу) ж-а туруктуу (кургак) көлөмдүү болот. Нымдуу Г-дин көлөмү 10дон 50 миӊ м3га чейин жетет. Нымдуу Г-де металл көп сарп болот, газ ным-

Туруктуу көлөмдөгү газгольдер (өлчөмдөрү м-н берилген):
1 – горизонталдык цилиндр түрүндөгү газгольдер;
2 – вертикалдык цилиндр түрүндөгү газгольдер;
3 – шар түрүндөгү газгольдер.

далышат ж-а кышында пайдалануу кыйындайт. Бул кемчилик кургак же поршендик Г-де болбойт. Ал поршендүү кыймылсыз корпустан турат. Кургак Г-дин сыйымдуулугу 100 миӊ м3га чейин жетет. Кемчилиги – орнотуунун ж-а корпус м-н поршендин тыгыздыгын камсыз кылуунун татаалдыгы. Шаарда негизинен цилиндр формасында (уз. 17 м ж-а диаметри 3 м), түбү сфера же шар түрүндө (диаметри 10 м) болгон 1,8 МПа басымга эсептелген туруктуу көлөмдөгү резервуар колдонулат.