ГАЗДЫН КИНЕТИКАЛЫК ТЕОРИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:13, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАЗДЫН КИНЕТИКАЛЫК ТЕОРИЯСЫ – теор. физиканын молекулалар ортосундагы өз ара аракеттешүүнүн айрым закондоруна ж-а заттардын мол. түзүлүшүнө негизделген статистикалык ыкма м-н газдын теӊ салмаксыз касиеттерин изилдөөчү бөлүгү. Анын жардамы м-н сейректелген ж-а тыгыз газдардын, көп атомдуу ж-а иондошкон (плазма) газдардын, газ аралашмаларынын касиеттери изилденет. Газды мүнөздөөчү физ. чоӊдуктар орто статистикалык маанилерге ээ. Бул чоӊдуктардын орто маанилерин эсептөө үчүн газ молекулаларынын мейкиндикте убакыт б-ча жайгаштыруу закону, б. а. жайгаштыруу функциясын f (v, r, t) билүү зарыл. Мында v – ылдамдык, r – радиус вектор, t – убакыт. Ушул функциянын жардамы м-н газ абалын мүнөздөөчү чоӊдуктардын маанилери эсептелет. Газдарда энергиянын ж-а импульстун берилиши молекулалардын кош урунуулары м-н шартталат. Үч молекуланын бир эле мезгилде өз ара урунушу өтө аз. Г. к. т-нын негизги законунун милдетин Больцман кинетикалык теӊдемеси аткарат. Ал аркылуу импульстун ж-а энергиянын теӊдемелери алынат ж-а кинетикалык коэфф-тери эсептелет. Кванттык Г. к. т. квант механикасына негизделген. Кинетикалык теӊдемени чыгаруу ыкмаларын англ. окумуштуу С. Чепмен ж-а швед окумуштуусу Д. Энског иштеп чыккан. Г. к. т-нын негизги милдети – газ абалын мүнөздөгөн кубулуштардын (диффузия, илээшкектик, жылуулук өткөргүчтүк ж. б.) орт. маанисин аныктоо.