ГАЗ ЖҮРГҮЧ
ГАЗ ЖҮРГҮЧ – күйүүчү газды чыккан же өндүрүлгөн жеринен алыс (жүздөгөн ж-а миӊдеген км) аралыктагы керектөөчүлөргө жеткирилүүчү курулуш комплекси. Газ көзөнөкчөдөн берилген табигый басымдын же толтургуч аппараттар (компрессор, эксгаустер ж. б.) м-н түзүлгөн басым аркылуу металл куур (түтүк) б-ча агызылат. Г. ж. магистралдык, жерг. ж-а ички болуп бөлүнөт. М а г и с т р а л д ы к Г. ж-тө газ чыккан жеринен чоӊ шаарга, ж е р г и л и к т ү ү д ө газ чогулткуч ж-а газ бөлүштүргүч станцияларга ж-а и ч к и Г. ж-тө имараттын ички бөлмөлөрүнө жеткирилет. Г. ж-кө көбүнчө көмүртектүү же легирленген болот ж-а алюминий куймаларынан жасалган куурлар пайдаланылат. Магистралдык ж-а жерг. Г. ж-тү курууда куурлар бири бирине ширетелип бириктирилет. Куруу ыкмасына жараша Г. ж. жер бетине ж-а жер астына орнотулат. Жер бетине курулган Г. ж. тирөөчтөргө, эстакадага же жерге эле коюлат, ал эми жер а с т ы н д а г ы Г. ж. 2–2,5 м тереӊдикке орнотулуп көмүлөт. Дат басып бузулуудан сактоо үчүн куурлар битумдан ж-а айнек кебезден жасалган атайын изоляциялык материал м-н оролот. Бири бирине кошулуп бириктирилген Г. ж-төрдүн системасынан газ тармагы түзүлөт. Г. ж-төгү газ басымын газ компрессордуу станциялар жөнгө салып турат, жүргүчтүн акыркы пунктарына газ бөлүштүргүч станциялар курулат. Магистралдык Г. ж-тү курууда иш процесстери кеӊири механикалаштырылат ж-а автоматташтырылат.