ГАЗ КОМПРЕССОР СТАНЦИЯСЫ
ГАЗ КОМПРЕ́ССОР СТАНЦИЯСЫ – газ ж-а нефть өндүрүшүндө, аларды газ түтүктөрү м-н транспорттоодо, сактоодо ж-а кайра иштетүүдө жаратылыш газынын басымын жогорулатуучу станция. Арналышы б-ча башкы ж-а сызыктуу магистралдык газ түтүктөрү, газды жер алдында сактоочу ж-а газды катмарга кайра толтуруучу станция болуп бөлүнөт. Магистралдык газ түтүктөрүнүн башкы Г. к. с. газ түтүктөрүнүн чыга бериш жериндеги керектүү жумушчу басымды камсыз кылуучу катмардык басым төмөндөгөндө, өндүрүштөн келүүчү газдын басымын жогорулатат. Кубаттуулугу 100 Мвтка жетип, андан ашат. Сызыктуу Г. к. с. түтүк өткөргүчтөрдөгү басымдын төмөндөшүн керектүү деӊгээлде кармап турат, кубаттуулугу 3–75 Мвт. Өткөргүчтөр аркылуу өтүүчү газ ашыкча болгондо, Г. к. с. газды жер алдында сактоо үчүн берет. Кубаттуулугу 50 Мвтка чейин. Катмарга газды кайрадан берүүчү Г. к. с. газды алуу учурунда конденсатын түшүрбөй, газдын катмардагы басымын кармап турат. Газ кирген жердеги басым 14 – 15 Мн/м2, чыккан жерде 40–50 Мн/м2.