ГАЗ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:13, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАЗ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ — газ түрүндөгү отун (табигый газ, нефть газы ж-а суюлтулган газ) м-н иштөөчү, учкун же басым аркылуу тутануучу ичинен күйүүчү кыймылдаткыч. Г. к-нын алгачкы үлгүсү 1830-ж. фр. инженер Ж. Ленуар тарабынан жасалган. Азыркы машиналардын көпчүлүгү жаратылыш газы (метан), айрымдары нефтиден алынган суюлтулган газ м-н жүрөт. Суюк отун м-н иштөөчү кыймылдаткычтан Г. к-нын бир топ артыкчылыгы бар. Күйүүчү аралашманы даярдоо ж-а аны күйгүзүү жолдору өркүндөтүлгөндүктөн, кыймылдаткычтын негизги тетиктери анча жешилбейт ж-а сыртка чыгарылган газында зыяндуу аралашма болбойт. Туруктуу Г. к-нын п. а. к. 42%ке жетет. Металлургия өнөр жайында аба үйлөгүчтү кыймылга келтирү үчүн кубаттуулугу 15 миӊ кВт болгон Г. к. колдонулат. Транспорттук Г. к. Газгенератордуу ж-а газ баллондуу автомобилде орнотулат. Газ ж-а нефть өнөр жайында Г. к. жаратылыш газы м-н иштеп, газ жиберүүчү түзүлүштөрдү кыймылга келтирет.