ГАЗ ТОЛТУРУЛГАН ПЛАСТИКТЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:13, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАЗ ТОЛТУРУЛГАН ПЛАСТИКТЕР — көӊдөй пайда кылуучу заттардын жардамы же башка ыкмалар м-н көптүрүлгөн полимердик материалдар (толтургучу газ). Шарттуу түрдө пенопласт (туюк көӊдөй) ж-а поропласт (ачык көӊдөй) болуп бөлүнөт. Серпилгичтик мүнөздөмөсү б-ча катуу, анча катуу эмес ж-а ийилгич болот. Г. т. п. ар кандай полимерден түрдүү ыкма м-н алынат: 1) көбүктү мех. түрдө чайкап туруп катыруу аркылуу; 2) алдын ала ысытканда полимерге киргизилген көӊдөйлөгүчтүн ажыроосунан; 3) полимерде жүрүүчү реакциядан бөлүнүп чыккан газ түрүндөгү продукциялардан. Г. т. п-дин өзгөчө түрү – синтактикалык көбүктөр. Булардын тыгыздыгы төмөн ж-а жылуулук, үн, электр өткөрбөгүчтүгү м-н айырмаланат. Г. т. п. көп катмарлуу констр-ларда толтургуч катары, муздаткыч курулманын жылуулук өткөрбөстүгүн ж-а электр кабелдеринин изоляциясын камсыз кылууда, калкыма каражаттарды жасоодо, газ м-н суюктук үчүн чыпка ж-а амортизациялык материал (мис., мебель жасоодо) катары колдонулат. Полиуретан, полистирол ж-а поливинилхлориддин негизинде жасалган Г. т. п. кеӊири пайдаланылат.