ГАЗ ТУРУКТУУЛУГУ
ЃАЗ ТУРУКТУУЛУГУ (R) – 1 моль идеалдуу газдын абал теӊдемесине кирүүчү физ. туруктуу сан. Ал pV=RT теӊдемеси м-н туюнтулат (к. Клапейрон теӊдемеси), мында p – басым, V – молдун көлөмү, T – абс. темп-ра. Физ. мааниси б-ча универсалдуу Г. т. – 1 моль идеалдуу газды туруктуу басымда 1 Кге ысытууда кеӊейүү м-н аткарылган жумуштун сан чоӊдугуна барабар. Г. т.– туруктуу басымдагы ж-а көлөмдөгү молдук жылуулук сыйымд. айырмасы Cp– Cv=R. Бирдиктердин эл аралык системасындагы (СИ) Г. т-нун сан мааниси 8,31441(26) Дж/(моль .K).